Акыйкатчы укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттин укугун камсыздоого чакырды

Жамила Жаманбаева.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Кыргызстандын укук тартибин коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.

Бүгүн 16-январда жарыялаган кайрылуусунда өлкөнүн омбудсмени бир катар басылмалардын жана маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен кабарчылары суракка чакырылып, кармалып жатканына байланыштуу күч органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген мындай укуктардын корголушунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын бузулушу сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин эскертти.

Жаманбаева жарандардын өз пикирин ачык билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укугу Конституциянын 10 жана 32-беренелеринде, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренесинде, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын 19-беренесинде, Кыргызстандын «Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө» мыйзамынын 4 жана 8-беренелеринде жазылганын белгиледи.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, аталган баракчаларда жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди. 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Тагаев "Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деди.

Дагы караңыз

Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?Кыргыз-тажик чек арасы: дагы 38 чакырым макулдашылдыБишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилдиЗеленский Давосто НАТОнун жана Еврокомиссиянын жетекчилери менен жолукту