Кыргыз-тажик чек арасы: дагы 38 чакырым макулдашылды

Тажикстан менен чектешкен Баткен облусунун картасынын спутниктен тартылышы.

Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу аяктады. Расмий маалыматтарга таянсак, 10-16-январда Баткен шаарында өткөн жолугушууда өкмөттүк делегациялар 38 чакырымдан ашык чек ара тилкеси боюнча макулдашты.

Акыркы айларда эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаштуу саналган бир нече тилке боюнча мунаса табылганы айтылды.

Макулдашылды деп айтылган аймактарда Лейлектин Максат айылынын айланасындагы тилкелер да бар.

Дагы караңыз Кыргыз-тажик чек арасындагы жылыштар, кезектеги мунаса

Чек ара маселелерине саресеп салып, анализ жасап жүргөн жергиликтүү талдоочу Хаитали Айкынов бул дагы талаштуу тилкелердин бири болчу деп мүнөздөдү:

“Кайсы жерде көп чыр-чатак чыгып жүрсө, ошол участокту биз абдан маанилүү деп эсептейбиз да. Ошол өңүттөн алганда азыр такталды деп айтылып жаткан участоктордон Максат айылынын айланасындагы, анан Кулундудан Максат айылына өтүүчү көпүрөнүн айланасындагы кыйын участоктор такталды деп айта алабыз. Комиссия карап жаткан калган участоктор да талаштуу, маанилүү аймактар. Бизди кубандырганы - тараптар акыркы 3-4 айдан бери тынымсыз жолугушуп, эки тарап маселени чечүүгө кызыкдар болуп, алдыга жылып жатканы. Демек, натыйжа болот. Элди ушул кубантат”.

Сапарали Адинаев

Максат айылынын башчы Сапарали Адинаев айылдагылар чек ара маселеси бир жаңсыл болуп, кооптонбой жашасак деген эле ниетте турат дейт.

Такталган тилкелер боюнча азырынча кабарыбыз жок деди ал:

“Максат айылынын айланасында болжол менен 15 чакырымдай көгөйлүү чек ара сызыгы бар эле да. Андан ары Арка айылы тарапты да бүтүрүптүр деп айтышты. Бир пикирге келди деп угуп жатабыз. Эки тараптан жумушчу топ келип иш алып барды. Биз ал иштин кандай жүргөнүнө аралашканыбыз жок. Сайдын ичин кандай чечишти, азырынча кабарыбыз жок. Бирок эл “кандай болсо да тезирээк чек ара чечилип, кооптонбой жашайт экенбиз” деп сүйүнүп жатат. Бизге ушул чек араны тактап, талаш болбой тургандай кылып чечип беришсе эле, тирилигибизди кыла бермекпиз”.

12-январда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолуккан. Анда тараптар Лейлек районунун Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер жана Баткен районунун чектеш аймагындагы Карабак, Лаккон боюнча, үч мамлекет кесилишкен чекке чейин чек ара макулдашылганын жарыялашкан.

Учкунбек Жоробаев.

"Чек араны тактоо иштерини жүрүшүндө жергиликтүүлөрдүн сунуш-пикирлери дагы эске алынып жатат", - дейт Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев:

“Өкмөттөр аралык жумушчу топ чек араны тактоо боюнча активдүү иш жүргүзүп жатат. 90 пайыз чек ара такталды деп айтылды. Чек араны тактоо ишинин жүрүшүндө биздин, элдин сунуштары толук эске алынып жатат деп айта алам. Анткени жергиликтүү бийликтен райондук жер ресурстар башкармалыгынын башчысы ошол жумушчу топто мүчө болуп иш алып барып жатат. Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин сунуштары, пикири керек болгон учурда бизди жумушчу топтун ишине тарткан учурлары да бар”.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы 11-декабрда Баткенге барган иш сапары учурунда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жалпысынан 970 чакырымга созулса, буга чейин эки өлкө чек арасынын 90 пайыздайы такталып калганын эки тарап тең расмий жарыялаган. Демек, алдыда дагы 100 чакырымдай чек ара боюнча иш жүрүшү керек.

Чек ара тилкесиндеги эң оор аймактар катары Тажикстандын Ворух анклавынын айланасы, андан сырткары Көк-Таш, Таш-Тумшук, Көк-Терек, Төрт-Көчө участоктору да саналат.

Эгер тараптардын аракети азыркыдай улана турган болсо, жазга чейин тактоо иштерин аяктаса болот дейт Хаитали Айкынов:

Хаиталы Айкынов.

“Эми алдыда өтө талаштуу, оор жерлер боюнча иш алып барышы керек комиссия. Ак-Сайдын айланасы, Ворухка барган жолдун маселеси, Таш-Тумшук сыяктуу жерлерге келишти. Саясий чечим болобу же алмашууга барышабы, чечилиши керек ал жерлер да. Прездиент жаз айларына чейин бүтүшүбүз керек деген. Эми ошол убакытка чейин бүтүрүү үчүн ушул темп менен жакшы иштешсе, аяктаса болот. Анткени эл да чырдан тажап, кандай болсо да, негизги кызыкчылыктар эске алынып чечилсе болду деп турушат”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Чек аранын такталбаганынан ортодо бир нече жолу куралдуу кагылыштар болду. Бишкек менен Дүйшөмбү бул үчүн бири-бирин айыптаган.