Кыргызстанда 3 миң тоннадай алтын запасы бар

Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы алтын иштетүүдөн 7 млрд 206 млн сом салык түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Умтулов кабарлады. Анын айтымында, тоо-кен тармагынан ушул жылы жалпысынан 48,3 млрд сом салык түшкөн. Бул жалпы салыктардын 30% түзөт.

"Алтын казгандарга өзүнчө салык бар. Ал алтындын баасына жараша төлөнөт. 2022-жылы 7 млрд 206 млн сом түшкөн. Бул алтындан төлөнгөн салык. Жалпы бул тармактан 48 млрд 380 млн сом түшкөн", - деди Умтулов.

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети “Жер казынасы жөнүндө”, “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов жана Марлен Маматалиев.

"Кыргызстанда 3 миңге жакын алтын кени бар. Ал жердеги алтындын запастары 3,5 миң тоннаны түзөт. Бул стратегиялык байлык, бул дүйнөлүк акча, актив. 10 тоннадан ашуун запасы бар кендерди милдеттүү түрдө Кыргызстан өзү иштетиш керек. Ага чейинкисине менчик бизнести аралаштыруу керек деп жатабыз. Эгер ачык жол менен иштетүү болсо менчик бизнеске 20 пайыз, калганы мамлекеттин үлүшү болуш керек. Жер астынан иштетүү болсо 70 пайыздан аз эмеси мамлекетке, калганы менчик бизнеске деп сунуштап жатабыз. Бул мыйзамдын өзөгү", - деди Айжигитов.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Эмил Осмонбетов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда алтындын потенциалы 2,5 миң тонна экенин, 850 тоннасы баланста экенин айтты. Министрлер кабинети бул мыйзамдын долбооруна терс корутунду берген.

Былтыр президент Садыр Жапаров "Жер казынасы жөнүндөгү" жана "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Мыйзамда "жер казынасы Кыргызстандын гана менчиги болуп саналары, кыргыз элинин жашоо-турмушунун жана ишинин негизи катары пайдаланылып жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болору" белгиленген. Ага ылайык продукцияны бөлүүдө мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүшү керек деп бекитилген. (КЕ)

Дагы караңыз

БУУ: Украинада каза тапкан жай тургундар көбөйдү Саясатчы Бектур Асановго Улуттук госпиталда операция жасалдыМаданият министринин орун басары тинтүү, кармоолорду басым деп эсептебей турганын айтты Дача СУдагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилди