БУУ: Украинада каза тапкан жай тургундар көбөйдү

Украина.

Украинада согуштун айынан жай тургундар арасындагы жоготуулар тенденциясы өткөн жылы төмөндөй баштаганын, бирок декабрь айында жабыркагандар саны бул көрсөткүчтү кооптуу жакка өзгөрткөнүн 15-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мониторинг миссиясы билдирди.

Украинадагы адам укуктарынын абалы боюнча мониторинг жүргүзүп келе жаткан бул миссиянын маалыматына караганда, былтыр декабрда Украинада каза болгон жана жараат алган жай тургундардын саны 592ке жетти. Бул ноябрь айындагы жалпы көрсөткүчкө салыштырганда 26,5% көп.

“Декабрдагы өзгөрүү Орусиянын аскерлеринин Украинанын аймагына 29 жана 30-декабрда жасаган ракеталык аткылоосу жана асманда патрулдук кылуучу учактарынын чабуулу күчөгөндүктөн болду. Куралдын мына ушул түрлөрү менен кол салуу жай тургундар арасында каза болгондор 34% жетишине себеп болду, ноябрда бул көрсөткүч 16% эле”, - деп айтылды миссиянын баяндамасында.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва армиясын коңшу өлкөгө киргизгенин "атайын аскердик операция" деп атап келет. (RK)

Дагы караңыз

Дача СУдагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилдиУкраина Орусиянын алты багыт боюнча жасаган чабуулунун мизи кайтарылганын билдирдиЖурналист Токтакунов тинтүү, кармоолорду сөз эркиндигин чектөө деп баалады Он бир журналисттин иши: Сегизи абакта калды, үчөө үй камагына чыкты