ИИМ журналисттердин үйүн тинтүү боюнча маалымат такталып жатканын билдирди

ИИМдин имараты

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 16-январдын таңында бир нече журналисттин үйүнүн тинтүү боюнча кабар такталып жатканын, кийинчерээк маалымат берилерин "Азаттыкка" билдирди.

16-январдын таңында Кыргызстанда бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын суракка алып кеткени кабарланган. Кээ бирлеринин видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

"Темиров лайв" медиасынын Бишкектеги кеңсесинде күч органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатканын аталган медианын негиздөөчүсү Болот Темиров 16-январдын таңында "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен үйүнөн кармалган аталган медианын директору, Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын кеңсеге алып келишти. Темиров бул медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин кабарлады. Алардын арасында ютубдагы “Айт, айт десе" каналынын журналисттери Азамат Ишенбеков, Сапар Акунбековдун үйүндө тинтүү болгон.

"Мурда бизде иштеп кеткен, азыр башка редакцияда иштеп жаткан үч кызматкерде да тинтүү болуп жатат. Алар - Актилек Капаров, жакында "Алга медианы" ачкан, "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков, "Арча медиада" иштеген Сайпидин Султаналиев. Ал дагы мурда "Темиров лайвда" иштеген журналист болчу", - деген Темиров.

Аты аталган журналисттер ИИМге жеткирилгени айтылды.


Темиров муну соңку журналисттик иликтөөлөр менен байланыштырып жатат. Ал буга чейин ички иштер министри Уланбек Ниязбеков тууралуу иликтөөдөн кийин анын командасын каралоо башталганын айткан.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлагандай, күч кызматкерлери кеңсеге кирип кетишти, журналисттерди киргизген жок. Адвокат Улан Сейитбеков "Темиров лайвдын" кеңсесине кире албай калган.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергөө жүрүп жатканын ырастаган, бирок кайсы материал же маалымат боюнча иш ачылганын тактай элек. (КЕ)

Дагы караңыз

"Темиров лайвдын" кеңсесинде тинтүү жүрүүдөБир нече журналисттердин үйүндө тинтүү болуп жатканы кабарланды15-январь: 24.kg агенттигиндеги тинтүү, Жапаровдун “кемпирабадчыларга” жообу24.kg агенттигинин жетекчилери УКМКга сурак берип чыктыБеларуста дагы бир саясий туткун абакта каза тапты