Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүргөн деп айыпталган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу Октябрь райондук сотунун чечимин 15-январда күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.
Жараянда Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин, “балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.
Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2023-жылы ноябрда өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуга 671 миң сом төлөп берүүгө, моралдык чыгым катары андан үч миллион сом өндүрүүгө милдеттендирген.
Айыпталуучунун адвокаты райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Былтыр февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.
Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Аширалиев ага чейин Улуттук коопсуздук комитетине караштуу мамлекеттик күзөт системасында 15 жыл иштеп, майор чинин алган. (BTo)
Дагы караңыз
Элчи Анкара кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилишин колдой турганын айттыУКМК кармаган Маммүлктүн директорунун орун басары кызматтан алынды24.kg басылмасын тинтүү: УКМКнын кызматкерлери Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы алып кеттиТөрөт үйүндө каза болгон келиндин өлүмү иликтенүүдөУкраина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирдиБишкекте жол кире 30-январдан тартып кымбаттайт