УКМК кармаган Маммүлктүн директорунун орун басары кызматтан алынды

Канат Рыскулов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармаган Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Рыскулов кызматтан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 15-январда билдирди. Премьер-министр бул кызматка Темирлан Баймурзаевди дайындады.

2023-жылы декабрда атайын кызмат Канат Рыскулов Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалганын билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганын кабарлаган.

Канат Рыскуловдун жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Элчи Анкара кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилишин колдой турганын айтты24.kg басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып жатат24.kg басылмасын тинтүү: УКМКнын кызматкерлери Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы алып кеттиУКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди Төрөт үйүндө каза болгон келиндин өлүмү иликтенүүдөУкраина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирдиБишкекте жол кире 30-январдан тартып кымбаттайт