Ысык-Көлдө 16 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу арыз иликтенүүдө

Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2022-жыл.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына Жети-Өгүз районунда жашаган тургун кайрылган. Ал арызында 2007-жылы туулган кызы 11-январда зордукталганын маалымдаган.

Милиция ишти каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азырынча мындан башка маалымат бериле элек.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Былтыр апрелде Жогорку Сот эки милиционерди 13 жаштагы кызды зордуктоого айыптап, бирин 7,5 жылга, экинчисин 9 жылга эркинен ажыраткан. Укук коргоочулар жана жарандык коом милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып, бир нече жолу министрликтин алдына митингге чыгышкан.

Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги да ырастап, укук коргоо органдарын буга каршы күрөшүүгө чакырган. (AsK/ZKo)

Дагы караңыз

"Бир үй-бүлөдөн 20дан ашык киши өлдү". Газадагы жүз күндүк азап“ЖМК жөнүндө” долбоор парламент комитетинин күн тартибинен алындыБишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды110 жыл мурда Казанда окуган кыргыз жигити ким болгон? Украина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирди