Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

110 жыл мурда Казанда окуган кыргыз жигити ким болгон?


XX кылымдын башындагы Казан шаары.
XX кылымдын башындагы Казан шаары.

Тээ илгерки өтмүш тарыхы гана эмес, береги XX кылымдын башындагы кыргыз тарыхы да жаңыча иликтенүүдө. Чыгаан башкыр тарыхчысы, булак таануучусу жана мамлекеттик ишмери Ахмет Заки Валиди Тоган өз эскерүүсүндө 1914-жылы Казанда Сарыкулов деген кыргыз студентке жолукканын жазган.

Бул студент ким болгон? Тарыхчынын блогу.

XX кылымдын башында далай кыргыз жаштары жаңы усулдагы (жадиддик) мектептерден жана орус-тузем мектептеринен таалим алып, чагатай орток жазмасын жана орус тилин өздөштүрүп, өз улутунун таламдарын үйрөнө башташкан.

Алардын ичинен суурулуп чыккан бир катар залкар айдыңдар – эл эсинде.

Арийне, мындай тарыхый инсандардын азырынча белгисиз кала берип жаткан улам башка өкүлдөрүнүн өмүр баянын илим чөйрөсүнө дайын кылуу иши жаңы гана күч алууда.

Басма сөздө жана интернетте (анын ичинде Фейсбукта) Дөөлөтбек Сапаралиев, Зайнидин Курманов, Кыяс Молдокасымов, Арслан Капай уулу Койчиев, Болот Абдрахманов, Төлөбек Абдырахманов, Аида Кубатова, Рыскул Жолдошов, Жумагул Байдилдеев, Азиза Турдуева, Анара Карыева, Аттокур Жапанов, Абдрасул Исаков, Роза Абдыкулова, Таалайбек Жаркынбаев, Жолдошбек Бөтөнөев, Гүлзада Абдалиева, Моймол Жусупова, Сабырбек Бөрүбай, Дастан Разак уулу, ошондой эле “Эсимде” чыгармачыл долбоорунун өкүлдөрү ж.б. замандаштарыбыз XX кылымдын башындагы бир катар тарыхый инсандар жөнүндө жаңы архивдик жана башка маалыматтарды жарыялашты. (Маркумдар Субакун Бегалиев, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков ж.б. да ушул доордогу инсан таануу багытында бараандуу салым кошкон тарыхчылардан эле).

Айрым калемгерлер башкыр улутунун мамлекет башчысы, чыгыш таануучу, булак таануучу жана кыргыз таануучу Ахмет Заки Валиди Тогандын (1890–1970) эскерүүлөрүндөгү айтылуу саясатчы Төрөкул Жанузаков тууралуу маалыматтын ар кыл өңүттөрүн жарыялашкан.

Биз Ахмет Заки Валиди Тогандын эскерүүсүндөгү дагы бир кыргыз тууралуу маалыматка кылдат назар салууну сунуштайбыз.

(Караңыз: Тоган, Ахмед Заки Валиди. Воспоминания. Борьба народов Туркестана и других восточных мусульман-тюрков за национальное бытие и сохранение культуры / Перевод с турецкого Г.Г.Шафиков, А.М.Юлдашбаев. – Уфа: Башкирск. Из-во «Китап», 1994. – Книга 1, 2.).

Ахмет Заки Велиди Тогандын айкели. Санкт-Петербург шаары, Орусия.
Ахмет Заки Велиди Тогандын айкели. Санкт-Петербург шаары, Орусия.

Ахмет Заки Валиди жана Казанда окуган кыргыз

Оболу Ахмет Заки Валиди Тоган 1914-жылы атасы анын окуусун улантуусу үчүн бир бээсин сатып, акчасын уулуна бергендигин айтат. Ара-чолодо окуп гана жөн болбостон, жаш жигит Казан шаарындагы ар кыл театрларга жана студенттик оюн-зоокторго да барат.

Азыркы Татарстандын борбору Казандагы ошондой күндөрдүн биринде ал шаардын Проломный тракт деген көчөсүндөгү бир студенттик ашканага келет.

(Казандагы бул даңазалуу көчө мурда “Ногой жолу” деп аталган, кийин “Проломный” деп аталган, ал эми 1930-жылдан тартып Николай Баумандын ысымында аталып келет. Иван Грозный аттандырган баскынчы аскерлер Ногой жолу көчөсүнүн эки башынан мурдагы Казан хандыгынын чебин оюп талкалап киришкен, ошондуктан бул көчө 1930-жылга чейин “Проломный” (“Оюп талкаланган”) деген атка ээ болгон экен).

Дал ушул көчөдөгү ашканада бети чаар болгон бир кыргыз жигит жана сары чачтуу орус жигит алагүү болуп алышып, бири-бири менен кыргызча (балким, казакчадыр, дейт А.З.В. Тоган) бакылдашып сүйлөшүп, арасында сөгүнө калып жатышыптыр.

“Мен алардын маңдайына келип өз тамагымды ичүүмө камындым”, дейт Валиди Тоган.

Анын аларды жактырбай карап койгонун көрүп, тигилер башкыр студентке тийиштик кылып сүйлөй башташат. Ахмет Заки Валиди Тоган ашкананын башчысынан бул экөөнү жоошутууну, же өзүн башка жайга которууну талап кылат.

Кожоюндун тартипке салуу далаалатына моюн бербестен, тигилер ого бетер Ахметти сөгө башташат.

Акыры сөзү аларга өтпөй калган соң, бети чаар жигитке Ахмет мындайча сөздөр менен кайрылат:

Кет! дегенде ит кетет,

Алмамбет калмак не кетпейт?

“Манас” дастанындагы бул саптарды угаар замат тигил кыргыз өз отургучунда каккан казыктай солдоюп отуруп калыптыр.

“Кечирип кой, деги сен кимсиң? “Манасты” каяктан билесиң?” – деп ал Ахметтен сурайт. Алиги кыргыз студент дароо соолуга түшүптүр.

Ошентип алар капысынан таанышып калышыптыр.

Баарлаша келсе, ал кыргыз студент Ахмет Заки Валиди Тоган тууралуу мурда уккан экен, анын китебин да окуган экен. (1912-жылы, Ахмет 22 жашка келген кезинде, анын “Түрктөрдүн жана татарлардын тарыхы” деп аталган туңгуч ири китеби “Миллат” басмаканасында арап жазмасында татарча жарыяланган).

Макала – Ахмет Заки Валиди Тоган – залкар башкыр илимпозу жана мамлекеттик ишмери 11.5.2023. ТЧ.

Эртеси күнү ал кыргыз жанагы эле ашканада Ахмет Заки Валиди Тоганга кайрадан жолугат да, осол кылыгы үчүн андан кечирим сурайт.

Андан соң алар “Манас” эпосу тууралуу талкуулай башташат.

“Манас” эпосунун жоголгон кол жазмасы

Ахмет Заки Валиди Тоган өзү кыргыз элинин “Манас” эпосун 1910-жылдан бери иликтеп жүргөн экен.

Айтылуу чыгыш таануучу, түрколог Абубакир Ахметжанович Диваев (Әбүбәкер Әхмәтйән улы Диваев; 1856—1932) жаш илимпоз Ахмет Заки Валиди Тоганга “Манас” эпосунун В.Радлов жарыялагандан да толугураак вариантынын XIX кылымдагы арап арибиндеги кыргызча кол жазмасын белек кылып берген экен.

Бул кол жазманын айрым барактарындагы тексттер өчүп, окууга дээрлик мүмкүн эмес болуп калган экен.

Бирок алиги Казан шаарында жолуккан кыргыз студент “Манастын” дал ушул варианты өзгөчө таланттуу манасчыга таандык экен, деп жогору баалаган экен. (Анын тегатын Ахмет Заки Валиди Тоган “Сарыкулов” деп жазат, бирок анын өз атын эч эскерип жазган эмес).

Ахмет Заки Валиди Тоган бул кол жазманы сегиз жыл сары майдай сактап жүргөнүн жазган. Бирок өз эскерүүсүндө (1-китеп, 138-бет) ал теги башкыр, падышалык армиянын полковниги Абубакир Диваев менен алгач 1914-жылы март айында Ташкенде жолугушканын жазат; демек, бул кол жазма анын колунда алты жыл 4 жарым ай гана болгон көрүнөт. Же болбосо ал А.Диваев менен 1913-жылы эле таанышкан, анда да кол жазманы алганына жети жыл гана болуп жатат. (Эскерүүлөрдө бир-эки жыл ката жазылып кете бериши деле ыктымал).

Айтор, Ташкенде А.Диваев ага бир канча сунуш каттар жазып берип, өтө маанилүү кишилер менен, анын ичинде ал кезде мугалимдик кылган кыргыз Төрөкул Жанузаков (1893–1921) менен таанышуусу үчүн данакер болгон.

Ал эми 1920-жылы сентябрдын башында Чыгыш элдеринин Баку (Бакы) шаарындагы Биринчи курултайы маалында бул кол жазманы дал ушул кыргызга – Төрөкул Жанузаковго (1893–1921) тапшырган. Бул эпосту чогуу иликтейбиз деп алар тилек да кылышкан.

1920-жылы 1-сентябрга карата Төрөкул Жанузаков жөн киши эмес эле – ал Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин (б.а. советтик Түркстандын парламентинин) төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Анан ага Ахмет Заки Валиди Тоган кантип ишенбей коймок эле? Ансыз да Ахмет Заки Валиди Тоган бул Төрөкул деген кыргыз жигит менен 2014-жылы Ташкен шаарында таанышкан болсо, ишенет да.

Бирок азаптуу тагдыр Төрөкул Жанузаковду андан ары тооруйт. Анын Бакыдагы курултайдагы сөздөрү Ташкендеги болшевик төбөлдөргө аймакчыл жана улутчулдук маанайда айтылды деген тейде жакпай калат.

Болшевиктер Ташкенде өзүн камакка алмакчы болуп жатышканын жакын санаалаштары алдын ала шыбышташып, Төрөкул Жанузаков 1920-жылы күзүндө басмачылар тарапка качып өтүп кетет.

Т.Жанузаков басмачылардын катарында үгүтчү болуп болшевиктерге каршы салгылашып жаткан учурлардын биринде “Манас” эпосунун өтө баалуу кол жазмасы анын башка кагаздары (балким, айрым илимий эмгектери менен дагы) чогуу жоголот.

Ахмет Заки Валиди Тогандын эскерип жазганына караганда (1-китеп, 141-бет), “Манас” эпосунун бул варианты падышалык Орусия Борбордук Азияны куралдуу каратып алаардан мурда жазылган экен. Анын көлөмү 60 миң сап болгон.

“Биз Сарыкулов менен биргелешип арап жазмасында басмадан чыгаралы деп камынганбыз. Кийин Жанузаков да ушундай ниетин билдирген болчу.

Бирок бул кыргыздын эки патриоту орустарга каршы согуштун курмандыктарынан болуп калышты. Биздин “Манасты” биргелешип жарыялоо планыбыз жүзөгө ашырылбай калды”, – деп Ахмет Заки Валиди Тоган өкүнүп жазган (1-китеп, 141-бет).

Тыныбек Жапый уулунун “Манасын” Берлинде 1943-ж. С.Алманбетов чыгарган.
Тыныбек Жапый уулунун “Манас” вариантынын үзүндүсү 1943-жылы Берлинде Сатар Алманбетов тарабынан кыргызча латын арибинде жарыяланган.

Бул кол жазма кайсы манасчынын вариантын чагылдырды экен?

Тыныбек Жапый уулунун варианты 1925-жылы Маскөөдө кыргызча (арап арибинде) жарык көргөн. Аны 1943-жылы Сатар Алмамбетов Берлинде латын арибинде кыргызча жарыялаган.

Эгерде Ахмет Заки Валиди Тоган айткан кол жазма орусиялык оторчулукка чейин жазылып алынган болсо, анда ал Тыныбекке чейинки залкар манасчылардын биринен жазылып алынган болушу ажеп эмес.

Балким, Тыныбектин эле айтуусундагы вариант жазылган кол жазмадыр? Анткени анын сакталып жеткен вариантында “ак паашаны” эпоско кошуп салган будамайлоолор жок болчу.

Дал ушул Ахмет Заки Валиди Тоган чыгыш таануу илими үчүн бир катар баалуу кол жазмаларды сактап берген. Айрым кол жазмаларды ал илим чөйрөсү үчүн алгачкы болуп сыпаттап калтырган. Маселен, ал илимге Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» чыгармасынын Наманганда табылган көчүрмөсү тууралуу алгачкы маалыматты берген.

Айтмакчы, 1898-жылы Казанда “Манастын” бир варианты таш басмадан кыргызча чыккан, деген маалымат бар, бирок бул басылманы алигиче учурата элекпиз.

Биздин өтүнүчүбүзгө ылайык кыргыз тарыхчысы, этнограф Аниса Риф кызы Бикбулатова жакынкы жылдары Казандагы сапары маалында ушул басылманын чоо-жайын иликтетип көрдү, бирок азырынча ал китеп табылган жок. (Былтыр Аниса карындашыбыз Татарстан ИАсынын чет өлкөлүк академиги болуп шайлангандыгын да кыстарып айта кетелик).

Сарыкулов деген ким болгон?

Эми блогубуздагы башкы суроого кайрылалы.

Деги, 1914-жылы Казанга чейин барып студент катары окуган “Сарыкулов” деген тегаты бар кыргыз ким болду экен?

Ахмет Заки Валиди Тогандын айтымында, ал Сарыкулов менен өтө жагымсыз шартта жолугушкан (кыргыз жигит мас болуп алып, оройлук кылып, өзүнүн орус досу менен кошо Ахметти сөгүүгө чейин барган).

Бирок “Манас” эпосунун саптары аны соолуктуруп, анан ал Ахмет Заки Валиди Тоган менен кошо болочокто “Манас” эпосун биргелешип изилдөөгө дилгирлигин билдирген...

Азырынча Сарыкулов деген кыргыз айдыңы тууралуу колубузда маалымат жок. Анын тегатын Сарыгулов деп түзөтүп окууга да мүмкүн.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштөгү Кочкор жана Чүй очогунун жетекчилеринин бири, айтылуу Канаат хан Ыбыке уулунун (1860–1917) тегатын айта албай, орус адабиятында “Абукин” деп жазып келишкен.

Кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулун (1875–1942) да мисалга келтирелик.

Агидел (б.а. кыргызча Ак-Эдил, орусча Белая) дарыясынын боюнда жайгашкан Башкортостандын азыркы борбору Уфа (Өфө) шаарында 1913-жылы Осмонаалы Кыдык уулунун “Мухтасар тарых-и кыргызиййа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо – “Тарых-и кыргыз шадманиййа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери арап арибинде кыргызча басылып чыккан.

Бул китептерди жарыялап жатып, басма ээлери кыргыз тарыхчысынын тегатын “Сыдыков” деп өзгөртүп салышкандыгы белгилүү, Чынында, “Кыдык” деген кыргыз аты “Кыдыр” (Хизр) сөзүнүн эркелеткен түрү болушу мүмкүн, бирок “Сыдык” (арапча ас-Сыддык) ысымына анын эч тийешеси жок.

Шабдан ысымын да басма ээлери (жана редакторлор) “шадманиййа” деп өзгөртүп салышкан.

Бул мисалдарга салыштырмалуу Сарыгулов тегаты оңой эле Сарыкулов түрүнө өтүшү мүмкүн.

Демек, болочокку архив таануучулар Сарыкулов тегатын гана эмес, Сарыгулов тегатын да “из кубалап” иликтеши зарыл.

С.Чокморов тарткан Кожомурат Сарыкулаковдун сүрөтү. 1972.
Сүймөнкул Чокморовдун (1939–1992) Кожомурат Сарыкулаковдун (1892–1918) элесин чагылдырган “Ыңкылапчы Сарыкулаковдун портрети” аттуу боёк сүрөтү. 1972. (Бул сүрөт Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сакталууда).

Кожомурат Сарыкулаков да Казанда окуган

Кыргыздын анчейин изилденбей келе жаткан дагы бир чыгаан өкүлү бар.

Ал – Кожомурат Сарыкулаков (1892–1918).

Ал Пишпек (Бишкек) үйөзүндөгү Узун-Кыр болуштугунда (азыркы Кант районунну аймагында) туулган. 1911 жылы ал Верный (азыркы Алматы) шаарындагы гимназияны күмүш медал менен бүтүргөн.

Аны 1911–1913-жылдары Киевдеги Ыйык Владимир университетинин медицина бөлүмүн аяктаган, андан соң 1914–1917-жылдары Казан университетинин укук бөлүмүндө окуган, деп билебиз.

1917-жылы падышалыкты кулаткан Феврал ыңкылабынан соң ал элине кайтып келип, сентябрда Бишкекте “Букара” деп аталган коомдук биримдиктин төрөгалыгына шайланган. Анын өмүрү 1918-жылы (26 жашында!) эле кыйылган. Анын өлүмүнүн себептери эми архивдик жаңы табылгалар аркылуу такталып калгысы бардыр.

Балким, Ахмет Заки Валиди Тоганга 1914-жылы Казан шаарында учураган кыргыз студент Сарыкулов – дал ушул Кожомурат Сарыкулаков болушу да ажеп эмес.

Сарыкуловду К.Сарыкулаковго окшоштуруу жаатында таланттуу кыргыз тарыхчысы Абдрасул Иаковдун 2020-жылы чыккан макаласында да сөз болот.

(Караңыз: Исаков А.А. Ахметзаки Валидовдун кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү менен болгон мамилеси // Духовная культура башкир и кыргызов: сборник материалов Международной научно-практической конференции (г. Уфа, 14 октября 2020 г.) /отв.ред. С.А.Алиева. – Уфа, ИЦ “Аэрокосмос и ноосфера”, 2020. [Башҡорт hәм ҡырғыз халыҡтарының рухи мәҙәниәте: Халыҡ-ара фәнни-ғәмәли конференция материалдары йыйынтығы. Өфө: ТY «Аэрокосмос hэм ноосфера», 2020. – 311 б.] – Б. 133–136.)

Ахмет Заки Валиди Тоган берки кыргыз таанышы – Жанузаковдун ысымын деле кээде Ибрагим деп, кээде Туракул деп жаза берген.

Мында эки жагдай бар: биринчиден, көп жылдар өтүп жазылган эскерүүсүндө Ахмет Заки Валиди Тоган Жанузаковдун Төрөкул деген ысымын айрым учурларда унутуп калган болушу мүмкүн; экинчиден, Төрөкул Жанузаковдун “Канаев” деген адабий аты да бар болчу. Мүмкүн, анын кийинки Ибрагим (Ыбырайым) деген кошумча ысымы биздеги адабиятта катталбай калгандыр?

Чокон Валихановдун деле Мукамбет Канафия (Мұхаммед Қанафия) деген башка мусулмандык ысымы болгон.

Бирок, албетте, бул жоромол болочокто да ар кыл даректер аркылуу такталууга тийиш.

Негизи, Казан шаарында 1914-жылы кыргыздардан жалаң гана Кожомурат Сарыкулаков окуган деп бүтүм чыгарууга да эрте.

Айтор, бул тема – жаш изилдөөчүлөрдүн кулагына күмүш сырга...

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG