Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 127,5 чакырымына кар көчкү түшүп, “Сосновка” постунан транспорттордун бардык түрүнүн каттоосуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Көчкү болжол менен 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында түшкөн. Анда кардын көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт.

Учурда Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат. Кошумча маалымат берилет.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскерткен. Мекеме айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертүүдө. (ErN)

Дагы караңыз

Украина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирдиЖК комитетинде “ЖМК жөнүндө” долбоор талкууланып жататДүйнөлүк банк “быйыл кыргыз экономикасы 4% өсөт” деген божомол бердиУКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди Кемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирдиӨКМ: Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн