Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

ЖК комитетинде “ЖМК жөнүндө” долбоор талкууланып жатат


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу парламенттин комитетинде баяндама жасап жатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу парламенттин комитетинде баяндама жасап жатат.

15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баяндама жасап, “ЖМК жөнүндө” азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганын, андан бери медиа тармагында бир топ өзгөрүүлөр болуп, ал учурдагы талаптарга жооп бербей калганын айтты.

55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттоо үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. Орозбек Сыдыков ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек экенин кошумчалады.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун 20 кишиден турган жумушчу топ иштеп чыккан. Ал топтун мүчөлөрү, “Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшенбеков, “Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков өзгөчө пикирин билдирген. Алар мыйзам долбоорунда коомчулуктан түшкөн сунуштар эске алынбаганын айтышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бул документ кабыл алынса сөз эркиндигине кысым күчөй турганын эскертип келишет.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG