Дүйнөлүк банк “быйыл кыргыз экономикасы 4% өсөт” деген божомол берди

Дүйнөлүк банктын кеңселеринин бири.

Дүйнөлүк банк 2024-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктусу 4% өсөт деген божомол берди. Бул тууралуу мекеменин январдагы баяндамасында айтылат.

Баяндамада Борбор Азиядагы мамлекеттерде банк системасындагы көйгөйлөрдөн жана насыялык тобокелчиликтерден улам каржылык туруксуздук коркунучу сакталып турары белгиленет. "Орусиянын Украинага кол салуусунан соң Москвага салынган санкциялардын кесепетинин айынан Кыргызстан менен Тажикстанда эл аралык төлөмдөргө чыгымдар өсөт" деп болжолдонгон.

Мурдараак Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) быйыл кыргыз экономикасы 4,5% өсөт деп болжолдосо, ага чейин Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) “4% өсүш болот” деген маалыматын жарыялаган.

Кыргызстандын өкмөтү баштапкы мерчеминде 2024-жылы өлкөнүн ички дүң продукту 5% өсүп, номиналдык көрсөткүчтө 1,4 трлн сомго жетет деп эсептеген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% болсо, 2023-жылдын баштапкы эсеби 6,2% темп менен чыкты. Адистер акыркы эки-үч жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет.

Кыргызстандын ички дүң продуктусунун номиналдык көрсөткүчү 2020-жылга чейин 400-600 млрд сом болуп келген. Такталган эсепте 2020-жылы 639 млрд сом, 2021-жылы 782 млрд сом, баштапкы эсепте 2022-жылы 971 млрд сом, 2023-жылы 1 трлн 200 млрд сомду түздү. (ErN)

Дагы караңыз

УКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди ЖК комитетинде “ЖМК жөнүндө” долбоор талкууланып жататБишкек шаардык соту үч адамдын өлүмү боюнча ишти кароону улантты2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1,2 трлн сом болдуСадыр Жапаров: Бийликти күч менен алмаштырууга жол берилбейт