Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

Садыр Жапаров: Бийликти күч менен алмаштырууга жол берилбейт


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бийликти күч менен алмаштырууга кызыкдар бир ууч топ бар экенин белгилөөдө. Мамлекет башчы бул тууралуу "Кабар" агенттигине 15-январда берген маегинде билдирип, өлкөдө бийликти күч менен алмаштырууга негиз жоктугун айтты. Ал саясий туруксуздук жаратууга кызыкдар кишилердин арасында ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергенов да бар экенин белгиледи.

"Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап, байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер. Биз аларды беш колубуздай билебиз. Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок. Биз андайга негиз да бербейбиз", - деген Садыр Жапаров башаламандык уюштуруу максатында эл топтогондорго жооп катуу болорун эскерткен.

Президент Кыргызстанда мурда революциялар бийликтин таза эмес, адилетсиз башкаруусунан улам болуп келе жатканын белгилеген.

Мамлекет башчы ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иштеп жатканын, ага кызыкпаганын айтты.

Өткөн аптада УКМК ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергеновдун төңкөрүш жасоо аракети аныкталганын, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) 1-бөлүгү жана 245-беренесинин (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдап, Ташов менен Кудайбергеновго издөө жарыялаган.

9-январда социалдык тармактарга KG Group компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Имамидин Ташовдун кайрылуусу чыккан. Анда былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Ташиев муну 10-январда парламенттин жыйынында четке кагып, анын төңкөрүш жасоо аракетине жетиштүү далилдер бар экенин билдирген.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан.

Ал зыяндын ордун он батир жана 52 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык мекемеге өткөрүп берип толтурган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG