УКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди

УКМКнын кызматкерлери 24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетип жаткан учуру. 15-январь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 24.kg басылмасын тинтүүгө байланыштуу билдирүү таратты. Тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси – “согушту пропагандалоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөнүн маалымдады.

УКМК кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганын кабарлады. Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши кайсы материалга байланыштуу козголгонун тактаган эмес.

24.kg агенттигинин кеңсесин тинтүү 15-январда түш ченде жүрдү. УКМКнын кызматкерлери алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен.

Андан соң кеңсе мөөр менен жабылып, атайын кызматтын өкүлдөрү басылманын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы автоунаага отургузуп, алып кетишти.

Күч кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн коштоосунда автоунаага кирип бараткан маалда Асел Оторбаева кыскача комментарий берип, аларга кылмыш иши козголгонун билдирди. Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтууга үлгүрдү. Андан соң укук коргоо органдары машиненин эшигин жаап, жүрүп кетишти.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган көз карандысыз медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт мындан сырткары кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар. Сайтта кабарлар үч тилде: кыргызча, орусча жана англисче жарыяланат.

Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон. (ErN)

Дагы караңыз

24.kg басылмасын тинтүү: УКМКнын кызматкерлери Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы алып кеттиБишкек шаардык соту үч адамдын өлүмү боюнча ишти кароону уланттыКемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирдиБалыкчыда балык саткан соодагерлер аларды көчүрүүгө каршы чыкты Садыр Жапаров 1-январда аянтка илинген тууну демөөрчүлөр жасаганын айтты