16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

16-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирдиСадыр Жапаров: Бийликти күч менен алмаштырууга жол берилбейтӨКМ: Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1,2 трлн сом болдуБишкек шаары үч эсе кеңейет. Кайсы айылдар кирди?