Zagreb Open мелдешинде Айпери Медет кызы да алтын алды

Айпери медет кызы. Сүрөт Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна таандык.

14-январда Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде 76 килограмм салмакта кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы финалда Кытайдан келген балбан кыз Хуан Ваны 2:1 эсебинде жеңип, алтын медал алды.

Айпери Медет кызы 1/16 баскычындагы күрөшүндө орусиялык Рита Талисманованы уткан. Андан кийин канадалык Жюстин Ди Стасиону жеңген.

Чейрек финалда 1 мүнөт 55 секундда дүйнөнүн алты жолку чемпиону, Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Аделина Грейди 10:0 эсеби менен жеңип алды. Дал ушул Аделина Грейден Айпери Медет кызы 2021-жылы Жапонияда жарым финалда бир упай менен утулуп калган. Ошентип, кыргызстандык балбан кыз бул ирет реванш алды.

Жарым финалда Айпери Медет кызы француз Полин Лекарпент менен күрөшүп, аны 5:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Ушул эле мелдештин алкагында 12-январда дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмак ченинде финалда АКШдан келген Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утуп, алтын алган.

Айпери Медет кызы былтыр 6-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында алтын медалга жеткен. 2018-жылы Азия оюндарында коло медалга ээ болгон.

Ал эми 2023-жылдын сентябрында Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медал утуп, быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарына лицензия уткан.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиялык күчтөр Украинаны 40 ракета жана дрондор менен аткыладыЭмил Жамгырчиев соңку жагдайлар тууралуу парламентте маалымат беретУкраинада 41 миң орус жоокери набыт болгону тастыкталдыАзия Кубогу-2023: Катар мелдешти жеңиш менен баштадыТик Токтун колдонуучусу бийликти кулатууга чакырды делип кармалдыАКШ Йемендеги хуситтерге дагы бир жолу сокку урду15-январдан тартып Бишкекте жол кире кымбаттайт