Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

Тик Токтун колдонуучусу бийликти кулатууга чакырды делип кармалды


Сөз эркиндигин коргоо митинги. 2022-жылдын 24-октябры.
Сөз эркиндигин коргоо митинги. 2022-жылдын 24-октябры.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери социалдык тармактарда элди массалык башаламандыкка чакырган деп А.Азамат аттуу жаранды кармашты.

Милиция тараткан маалыматта, ал жаранды декабрдын аягында Сокулук райондук милициясы Тик-Токто "оппозицияны жана жарандарды азыркы бийликке каршы митинг өткөрүүгө жана массалык башаламандыкка биригүүгө чакырган видео кайрылуу жарыялаган" деген негизде камакка алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

"Аккаунттун ээси 1985-жылы туулган А.А.Т. болуп чыкты. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык анын билдирүүсүндө азыркы бийликти кулатууга чакырган лингвистикалык белгилер бар" экени айтылат милициянын маалыматында.

Жарандын үйүндөгү уюлдук телефону жана ноутбугу далил буюм катары каралууда. Шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камашкан.

Өтүп бараткан аптада Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жарандык активист Тилекмат Куренов менен ишкер, саясатчы Имамидин Ташовдун жактоочулары делген бир катар адамдарды камаган. Аларга да "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып коюлууда.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочу уюмдар акыркы жылдарда өлкөдө бийликти сындаган бир катар жарандар "массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга" чакырык жасады деген негизде камалып жатканын сынга алууда. Басымга тушуккандардын катарында Кемпир-Абад иши менен жаткандардан тышкары жарандык активисттер, социалдык тармактардын колдонуучулары, журналисттер жана катардагы бир катар жарандар бар.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жакында чыгарган баяндамасында Кыргызстанда сөз эркиндигине, пикирин ачык айткан жарандарга басым күчөп кеткенин билдирген.

Көз карандысыз маалымат каражаттарынын айрымдарына кылмыш иши козголуп, сөз эркиндиги чектелип, өкмөттүк эмес уюмдардын ишине көзөмөл күчөп жатканы, аларды кысымга алууга багытталган мыйзам долбоорлору сунушталып жатканы сынга алынган.

XS
SM
MD
LG