Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

АКШ Йемендеги хуситтерге дагы бир жолу сокку урду


Йемендеги аскердик операцияга катышып жаткан учак. 2024-жылдын 12-январы.
Йемендеги аскердик операцияга катышып жаткан учак. 2024-жылдын 12-январы.

Америка Кошмо Штаттары Йемендеги хуситтердин объектисине дагы бир жолу сокку урду. Бутага бул ирет радар комплекси алынды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги эки аскер кызматкерине жана америкалык маалымат каражаттарына шилтеме берип маалымат таратты.

Хуситтерге таандык "Ал-Масира" телеканалы өлкө борборунда жардыруулар болгонун, чабуул Ал-Дайлами авиабазасы алынганын кабарлады.

Бир күн мурда АКШ жана Улуу Британия Кызыл Деңиздеги соода кемелерине кол салууларга жооп катары Йемендеги хуситтердин аскердик базаларына сокку урган.

Пентагондун маалыматында, баш-аягы 60 объекттеги 28 бутага ок атылган. Алардын катарында радарлар, абадан коргонуу системалары, кампалар, дрондор жана ракеталар учурулган жерлер бар. Хуситтер беш аскеринен ажырап, дагы алтоо жарадар болгонун билдирген.

АКШ президенти Жо Байден хуситтер экономикалык жактан маанилүү аймакта соода жана аскердик кемелерге кол салууну токтотпосо, соккулар уланышы ыктымал деп эскертти.

"Хуситтерди террордук топ деп атоого болобу?" деген журналисттердин суроосуна Байден: "менимче, ооба, ошондой", деп жооп берди деп жазды Рейтер.

АКШ хуситтерди 2021-жылдын февралында террордук топтордун тизмесинен чыгарган, бирок, азыр кайра тизмеге кошулушу ыктымал.

Хуситтердин акыркы жолку кол салууларынан элүүдөн ашуун мамлекет жабыркады. Жалпысынан эл аралык кемелерге отуздай чабуул коюлган. Жыйырмадан ашык мамлекеттин экипажы корктуп-үркүтүүлөргө кабылып, барымтага алынган.

Хуситтерди азыр Иран колдоп жатканы кабарланууда. Ирандын тышкары Катар, Орусия, Сауд Арабиясы жана Түркия АКШ менен Улуу Британиянын соккуларын айыпташты.

Хуситтер Израилге же андан чыгып бараткан кемелерге чабуулун улантарын айтышкан. Буга чейин хуситтер палестиндердин ХАМАС тобуна (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) жардам бере турганын жарыялаган.

Хуситтер Йемендин түндүгүн, анын ичинде Кызыл деңиздин бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. Алар түзгөн өкмөттү дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү, анын ичинде Орусия да тааныган эмес.

Акыркы күндөрдө Кызыл деңизде дээрлик күн сайын ок атылып жатат. Кол салууга Израилге тиешеси жок кемелер да дуушар болууда. Анын айынан Европа менен Азияны бириктирген каттамдагы эл аралык соода үзгүлтүккө учуроодо. Бир катар жүк ташуучу компаниялар бул багыттагы кемелерин токтотууга аргасыз болушту.

XS
SM
MD
LG