15-январдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирет.
Шаардык кеңештин 27-декабрдагы сессиясында кабыл алынган чечимге ылайык "Тулпар" картасы менен төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси 17 сом болот, ал эми нак акчанын тарифи 20 сомду түзөт. Эгер жаран MegaPay сервиси аркылуу төлөсө жол кире болгону 11 сом.
Жеке автобустар менен кичи автобустарда тариф 20 сом деп белгиленген.
Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, баалардын кымбатташынын башкы максаты - муниципиалдык ишкананын кирешесин көбөйтүү эмес, жүргүнчүлөрдү төлөмдүн накталай эмес түрүнө өткөрүүгө шыктандыруу.
Буга чейин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө жаңы сатылып алынган автобустарды жоготуп алуу коркунучу турганын айткан.
Борбор шаарда коомдук транспорт көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Акыркы убакта Кытайдан жаңы автобусттар сатылып алынган.
“Тулпар” картасы былтыр жай айларында колдонууга киргизилген жана 2,5 айда аны менен төлөгөндөр 20 эсеге көбөйгөн. Эгер 19-августта жол кирени “Тулпар” менен эсептешкендерден 10 миң сом түшсө, 2-ноябрда 205 миң сом которулган. "Тулпар" айдоочулар арасындагы коррупцияны азайтуу, тейлөөнү жакшыртуу максатында ишке ашырылган.
Азыркы учурда борбордо кичи автобустардын жол киреси 15 сом, ал эми автобус менен троллейбуста 11 сом.
Дагы караңыз
Керектөө кредиттери кымбат бойдон калууда Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алдыУКМК депутат Эмил Жамгырчиев шектүү катары сурак берип чыкканын билдирдиКыргызстандык шахматчылар Прагада байгелүү орундарды ээлешти12-январь: Митингдерге салынган тыюу, Аселдин иши, Британ премьери Киевге барды Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Ошто жерге берилди