Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:24

12-январь: Митингдерге салынган тыюу, Аселдин иши, Британ премьери Киевге барды


Бишкекте өткөн #RЕакция акциясы. Архивдик сүрөт.
Бишкекте өткөн #RЕакция акциясы. Архивдик сүрөт.

12-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Алар жолугушуудан соң биргелешкен билдирүү жасашты. Анда Камчыбек Ташиев бир катар чек ара аймагы боюнча орток пикир табышканын билдирди. Саймумин Ятимов да тараптар Кулунду-Максат-Арка аймагы боюнча принципиалдуу чечимге келишкенин жана бул боюнча протоколдун долбоору даярдалганын айтты. Ташиев менен Ятимов былтыр 12-декабрда кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын жарыялашкан.

Митингдерди өткөрүүгө салынган чектөө узартылды

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 31-мартка чейин борбордук аянттар менен көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушул эле райондун администрациянын тынч жыйындарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын канааттандырган чечимди 2023-жылдын 28-декабрында эле чыгарганы 12-январда гана белгилүү болду.

Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкеде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Турсунбаева бакчасында, Жогорку Соттун алдында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанында, Ички иштер министрлигинин алдында 31-мартка чейин акция өткөрүүгө болбойт.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Бишкектин борбордук аянттарында акцияларды өткөрүүгө салынган тыюу дээрлик эки жылга жакындап калды. Эл аралык уюмдар Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын эскертип келет.

Аселдин иши боюнча сот башталды

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын иши боюнча Сокулук районунда сот жараяны башталды. Бул тууралуу анын адвокаты Индира Саутова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 12-январда алгачкы соттук отурум өтүп, кийинки жараяндар 23-25-26-январга белгиленди. Сот жабык өтүп жатат, айыпталуучу отурумга онлайн катышты. Саутованын божомолунда бир айдын ичинде чечим чыгышы мүмкүн. Былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеп салган адамды өмүрүнүн акырына чейин эркиндигинен ажыратууну талап кылып, change.org сайтында кол топтоо жүрүп жатат.

Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

KG Group компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөө жарыялаган ишкер Имамидин Ташов негиздеген KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу 12-январда Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, KG Group курулуш компаниясы 2012-жылы түзүлгөн. Бул ишканадан үй алган бир нече адам 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулуп, президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. 10-январда УКМК KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.

Израил Гаагада дооматтарды четке какты

Газа тилкесинде палестиндерди тукум курут кылууда деген айып тагылып жаткан Израил Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотунда 12-январда өзүнө каршы дооматтарды четке какты.

Израил тараптын юристи Таль Беккер Түштүк Африка сотко “терең бурмаланган маалыматты” бергенин айтты. Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху дагы анын өлкөсүнө тагылган айыптарды четке каккан.

“Жок, Түштүк Африка, биз эмес, ХАМАС геноцид уюштурууну көздөп жатат. Ал колунан келсе баарыбызды кырмак. Андан айырмаланып, Израил армиясы колунан келишинче моралдык көз караштан алганда туура кадамдарды жасап жатат”, - деди премьер-министр.

Түштүк Африка Республикасы Израил БУУнун 1948-кабыл алынган Геноцид боюнча конвенциясын бузуп жатканын жүйө келтирип, Эл аралык сотко 2023-жылдын соңунда кайрылган.

Британиянын өкмөт башчысы Сунак Киевге барды

Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак 12-январда Киевге күтүүсүздөн барды. Мунун алдында ал Украинга бөлүнгөн аскердик каражат 3,2 миллиард долларга чейин көбөйтүлөрүн жарыялаган.

“Бүгүн мен бул жерде бир гана билдирүү жасай алам. Британия эч качан кебелбейт. Биз Украина менен эң караңгы түндөрдө жана эң жаркын күндөрдө да бирге болобуз”,-деди Сунак.

Андан тышкары, британ өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, эки мамлекет коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча тарыхый макулдашууга кол коет.

Британ бийлигинин Украинага бөлүнгөн каражатты былтыркы жылга салыштырмалуу 255 миллион долларга көбөйтүү чечими украин президенти Владимир Зеленский Балтика мамлекеттерин кыдырып келгенден кийин жарыяланды.

Турне маалында Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн Киевге көбүрөөк акча бөлүүгө чакырууну уланткан.

АКШ менен Британия Йемендеги хуситтердин аскердик жайларына сокку урду

Америка Кошмо Штаттары жана Британия Кызыл Деңиздеги соода кемелерине уланып жаткан чабуулдарга жооп катары Йемендеги хуситтердин аскердик жайларына сокку урду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматка караганда, соккулар абадан жана деңизден бомбалоочу учактардын, кемелердин жана суу алдында жүрүүчү аппараттардын жардамы менен жасалган. Йемен хуситтеринин өкүлү бир катар аскердик базалар чабуулга кабылганын ырастады.

XS
SM
MD
LG