Кыргызстанда керектөө кредиттери каржылоонун башка булактарынын катарында эң кымбат каржы булагы бойдон калууда. 2023-жылдын ноябрында анын пайыздык ченеми акыркы үч жыл ичинде эң жогорку деңгээлге чыкты. Азыркыдай кымбат кредит акыркы жолу 2020-жылдын март айында болгон.
Эгер 2020-жылдын март айында ал 24.14% менен берилген болсо былтыр ноябрда банктардагы керектөө кредитинин орточо пайыздык чени 23.93% түздү.
Кредиттин жогорку пайыздык чен менен берилип жатканына карабай банктарга кайрылган жарандардын катары көбөйгөн. Кыргызстандыктар пайыздык чени мурдагы жылдагыга караганда өскөнүнө карабай өткөн жылдын 11 айында банктардан жалпысынан 78,2 млрд сом керектөө кредитин алган. 2022-жылдын ошол эле 11 айында бул көрсөткүч 49,1 млрд сом болгон.
Декабрдын башында керектөө кредити үчүн эл банктарга 54,7 млрд сом карыз.
12-январда Жогорку Кеңеште айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды. Атап айтканда, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жарандык кодекске, «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамга толуктоолор киргизилмекчи.
Талкууга депутаттардан тышкары Улуттук банктын, Кыргызстандын банктар союзунун жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Шарапаткан Мажитова шайлоочулардын суроо-талаптарынын негизинде насыянын пайыздык чендерин азайтуу, күрөө коюу талаптарын жеңилдетүү максатталып жатканын, Министрлер кабинетинен мыйзам долбооруна оң корутунду айтылып, бир катар сунуштар берилгенин белгиледи.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Мажитова, М.Маматалиев, Н.Нарматова, К.Талиева, М.Абдалиев, Б.Сыдыков, С.Айжигитов, А.Исатбек кызы, А.Алтынбеков.
Аталган мыйзам долбоору 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып коомдук талкууга чыгарылган.
Дүйнөлүк банк акыркы 3 жылда Кыргызстанда калктын жакыр жашаган катмары көбөйгөнүн маалымдаган, эгер 2020-жылы элдин 22 пайызы кедейчиликте күн көрсө, 2023-жылы кыргызстандыктардын 33 пайызы, же ар бир үч киши жакырчылыкта жашары аныкталган.