“Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагы үч эсе кеңейет. Борбор калаанын карамагына тегерек-четтеги 30дан ашуун калктуу конуш кошулуп жатат. Шаар бийлиги административдик-аймактык кайра түзүүнү ишке ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруу чечимдерин даярдоого киришкенин билдирүүдө. Урбанист адистер өкмөттүн чечимин зарыл, бирок илимий негизи жок деп сындап жатышат.
Орок айылы Бишкекке улагалаш турганы менен, административдик жактан Сокулук районуна карачу. Айылдын тургуну Аман Эржанов шаарга карап калса, алардын документ иштерин бүтүрүү да бир кыйла жеңил болорунан үмүт кылып жатат:
“Жолдун аркы бетиндегилер “Бишкекке карайбыз” деп айтышат. Балдарым документ алганда Сокулук районуна карайбыз деп ошол жакка барып жатышты. Сокулук бир аз алыс болуп, убаракерчилик тартып калат. Ооруканага да, өзүбүз, окуучу балдар, студенттер үчүн документ даярдаганы да Сокулукка барып бүтүрүп келип турушубуз керек. Бишкекте иштеп жаткандан кийин, бул жакка карап калганы жакшы болмок. Шаарга караса, иштин баары тез бүтөт экен”.
Дагы караңыз Бишкектин аянты 37 миң гектарга чейин кеңейетАк-Жар конушу болсо Дордой базарынын жанында, шаардын түндүк тарабында жайгашкан. Аянты жалпысынан 150 гектарга чукул. Туруктуу жашаган калкынын саны 10 миңден ашат. Бирок айылда мектеп, оорукана, бала бакча маселеси чечилген эмес. Ал эмес жер тилкелерин мыйзамдаштыруу кыйын болгондуктан, жарык жана ичер суу маселеси да чечилбей, тургундар утур-утур митингге чыгып келишкен.
Айылдын башчысы Замирбек Сапарбеков буга чейин Ак-Жар конушу Бишкек шаары менен Аламүдүн районунун ортосунда арасат абалда чайналып келгенин айтат. Эми шаарга расмий түрдө караса, инфратүзүм маселеси батыраак чечилмек деген үмүттө.
“Жалпы туруктуу жашоочулар 10 миң киши. Буга чейин бизди бир дагы айыл өкмөтү карачу эмес. Кечээ Аламүдүн аркылуу мыйзамдаштык. Социалдык жактан мектеп, ооруканалар шаарда Свердлов району аркылуу болуп жаткан. Милициябыз Аламүдүндө. Эки жакка карап келген. Азыркы убакта Аламүдүн району Ленин району аркылуу мыйзамдашып жатабыз. Шаарда бюджет жакшы. Мисалы, бизди азыр Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө каратып койсо, буларда 60 млн сом бюджети бар экен. Биздин эң чоң көйгөйүбүз - жол маселеси. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджети биздин агынды суу менен жолубузду эле көтөрө албайт. Шаарга кошсо, бюджети жакшыраак болот эле. Районго караганда шаар жакшы да. Бишкектин бюджетин билесиз өзүңүз, аябай жакшы. Шаарда маселе батыраак чечилет”, - дейт Сапарбеков.
Бул сыяктуу ондогон конуштарда ушундай “шаарга кошулсак” деген тилек көп жылдардан бери айтылып келген.
Өкмөт Бишкектин аймагын төрт тарабына чойду
Президент Садыр Жапаров 28-декабрда “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарына 30дан ашуун калктуу аймак кошулат. Алардын жеринин аянты 25 миң чарчы гектарга барабар. Бул Бишкектин азыркы аянтынан дээрлик эки эсеге көп.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин 27-декабрдагы жыйынында борбор калаа кандай багытта өнүгөрүн айтты:
“Соңку мен көргөн долбоордун негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Бул үч эсе көп. Ошондо бизге сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймактын айрым айылдары кошулат. Шаарлардын өнүгүү тарыхтарын караганда, шаар же радиалдуу (тегеректеп) өнүгөт, же болбосо параллелдүү өнүгөт. Бул жол инфратүзүмүн түзгөнгө ыңгайлуу болот. Андыктан радиалдуу жолду эске алып, ушундай чечимге бардык”.
Географиялык жактан Бишкектин аянты төрт тарабынан кеңейет. Түндүк жана чыгыш тарабынан Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка, Көк-Жар айыл аймактары, батыш жана түштүк жагынан Сокулук районунун Новопавловка, Орок айыл аймактары карамагындагы 22 айыл менен чогуу Бишкек шаарына каратылды.
Мындан тышкары, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар, Нуркожо-Ата, Адилет жаңы конуштары, Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык жаңы конушу, Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак жаңы конушу менен 544, 545, 552-контурлары, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын 177-контуру да Бишкекке кошулат.
Жаңы каратылып жаткан айылдардын туруктуу жашаган калкы болжол менен 150 миңдин айланасында.
Шаар бийлиги учурда жарлыкты ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, иштей баштаганын билдирди.
“28-декабрда административдик-аймактык реформа боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы чыккан. Ошого ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы бүгүнкү күндө жумушчу топту түздү. Учурда жумушчу топ ишке киришти. Жумушчу топ кандай форматта иш алып барат, анын мүчөлөрү ким болот, кандай документтер даярдалат, инфратүзүм, документтер, жер маселелери боюнча кандай иштер алып барылат - булар жөнүндө жумушчу топтун аткарган иштеринин негизинде толугураак маалыматты кийинчерээк беребиз”, - деди мэриянын маалымат катчысы Назгүл Жамгырчиева.
Ири каржылык колдоолор керектелет
Бишкек шаарынын 2023-жылдагы аймактык дүң өндүрүмүнүн көлөмү 376,2 млрд сом болду. 2022-жылы 367,7 млрд сом болчу. Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, Бишкектин 2024-жылга карата бюджети 19,7 млрд сом болуп бекитилди. Бул 2023-жылдын бюджетинен 3,1 млрд сомго же 24% аз. Ошол эле маалда эксперттер жаңы айылдардын кошулушу менен борбор калаанын бюджетинин жүгү ого бетер оорлошорун божомолдошот.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын Октябрь районунан шайланган. Ал административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү үчүн шаардын бюджетине колдоо керек болорун айтат. Анткени алдыда инфратүзүмдүк жаатта аткарыла турган иштер көп.
“Чынында бул керек болчу. Бирок ошол эле кезде республикалык бюджеттен Бишкекке бир топ эле каражат талап кылынат. Себеби каражатсыз реформалар ишке ашпайт. Жаңы тез жардам станцияларын, өрт өчүрүү кызматтарын куруш керек, жолдорду куруп, жарыктандырыш керек, ал жерлерде “Тазалык”, “Жашылдандыруу чарбасы” иштеш керек. Шаар бир эле жактан эмес, төрт тараптан өстү. Ошондуктан бир топ эле каражат кетет. Менимче, Бишкектин азыркы бюджети жетпейт. Өзгөчө жаңы конуштарда бир топ маселелер бар. Жаңы агынды түтүктөрү курулуп, суу берилиши керек. Жылуулук кандай берилерин да ойлонуш керек. Бул жерде инфратүзүмдүк бир топ эле маселелер чыгат. Кандай болбосун Бишкек республикалык бюджеттен каражат сурайт”, - дейт депутат.
Бекешевдин айтымында, Жогорку Кеңеш өкмөткө Бишкек шаарынын башкы планын жаңыдан чийип чыгуу тапшырмасын берген.
Шаардык кеңеш жергиликтүү маанидеги ченемдик-укуктук актыларды гана чыгара алат. Республикалык бюджетке байланыштуу маселелерди Жогорку Кеңеш чечет. Жергиликтүү кеңештин депутаттары шаардыктар үчүн медицина, билим берүүгө караганда, агынды суу, ичер суу, газ, транспорт, жашылдандыруу, таштанды тазалоо өңдүү көйгөйлөр кыйла оорлошуп кетерин айтышат. Жаңы аймактардан да ушундай эле маселелер күтүлөт.
Таза абага муктаждык зор
Бишкек шаарында таза аба көйгөйү жыл өткөн сайын курчуп келет. Кышында чет-жакадагы жаңы конуштардан чыккан түтүн бүтүндөй шаарды каптап турат. Түштүк аймактарга кызуу курулуп жаткан көп кабаттуу имараттар тоо тараптан келген желдин жолун тороп, шаардын аба айлануусун бир кыйла кыйындатат.
Бишкектин жака-белиндеги айрым калктуу аймактар шаарга өтө тыгыз жайгашкан. Эксперттер ал аймактар шаардын инфратүзүмүн баары бир колдонуп келгендиктен, административдик жактан каратуу бир чети туура чечим болгонун танбайт.
Арийне, урбанисттерди камтама кылганы – шаарды курчап турган жашыл аймактар же экологиялык каркасы бузулуп кетсе, анын кесепети оор болот. Анткени шаар дем алып, абасын табигый жол менен тазалап турушу керек. Мындан тышкары суу жана энергетикалык ресурстары да эсепке алынган. Ушундай ресурстук жагдайлар калктын өсүшү өз ченеминен ашканда, камсыздай албай калышы мүмкүн.
Урбанист Айгүл Насирдинова Бишкектин тегерек-четиндеги эгин талаалары менен бактуу аянттарды жок кылып, конуштарга айландыруу жакшы чечим эмес деген пикирде. Бишкекти кеңейтүүгө табигый ресурстар жетпейт, ыш андан бетер көбөйөт, таза аба көйгөйү курчуйт деп эсептейт ал. Андан көрө өнүгүү борборун Бишкектин сыртындагы башка жерге которуу жакшы натыйжа бермек.
Эксперт Бишкекте административдик, бизнес, социалдык, экономикалык өңдүү көп деңгээлдүү кызыкчылыктар кесилишип жатканын, анын баарын канааттандыруу үчүн стратегиялык мастер-план түзүү зарыл деп эсептейт. Анүчүн экономикалык, экологиялык, социалдык ж.б. көрсөткүчтөрдү дыкат изилдеп чыгуу зарыл. Бирок Кыргызстандын соңку тарыхында андай рыноктук инструменттерди колдонуп документ жасабай калышканын айтат.
“Аймактардын кайсы бөлүгүн кошсо болорун, кайсы бөлүгүн сактап калыш керектигин, ал шаардын метаболизмине, экологиялык активине кандай таасир этерин деталдаштырган чечим керек. Ошонун баарын изилдеп чыгуу керек. Бизде Кыргызстанда, Бишкекте дагы аймактарды илимий-изилдөөгө таянып даярдоо жана чечим кабыл алуу салты калыптанган эмес. Илимий чечимдерге, лабораториялык изилдөөлөргө негизделген чечимге келишпей эле, жөн гана административдик чечимдерди кабыл алуу үстөмдүк кылат. Бул архитекторлор жана урбанисттер үчүн жакшы ыкма эмес. Анткени урбанизациянын оош-кыйыштары 20-30 жылдан кийин көрүнөт. Климаттык өзгөрүүлөр да жүрүп жатат, ал көбүнчө эске алынбай келет. Жаңы технологияларды киргизбесе, миллиондон ашкандан кийин Бишкектин аймагы калкты ресурс жагынан камсыздай албайт. Бишкек мындан ары өсө албайт. Тыгылыштырып кеңейте берсе болот, жер көп көрүнүп атпайбы. Бирок аба тазаланбай, суу түгөнө баштайт. Булар кайра жаралбай турган ресурстар. Мына, курулушчулар түштүк райондорго, парктардын жанына үйлөрдү салып, “ой, таза аба” деп атышпайбы. Муну менен алар шаарды тазалай турган абанын жолун тороп, экокаркасты өздөрү бүлдүрүп жатат. Жаңы технологияларды жайылтпаса, дагы 20-30 жылдан кийин ал жакты дагы ыш каптайт”, - дейт Айгүл Насирдинова.
2023-жылдын август айында Peshcom долбоору Кыргызстандын борбор калаасы 25 жылда кандай кеңейгенин талдаган. Жыйынтыгында “муниципалитет Бишкектин, анын ичинен жаңы конуштардын өсүү темпине жетише албай жатат”, андыктан “курулушту көзөмөлдөө менен инфратүзүмдү пландоого көбүрөөк көңүл буруу керек” деген корутундуга келишкен.
Дагы караңыз Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын катарына кирдиСуу, жол, таштанды көйгөйү курчуп барат
2023-жылдын 1-ноябрына карата Бишкек шаарында туруктуу жашаган калктын саны 1 млн 162,4 миң киши болду. Мурунку жылга караганда 17,4 миң адамга (1,4%) көбөйдү.
Он айда борбор калаага туруктуу жашоо үчүн 15,5 миң адам келген. Ошол эле маалда 5,1 миң тургун башка жакка чыгып кеткен. Калктын миграциялык толукталышы 10,4 миң кишини түздү.
Соңку жылдары Бишкек шаары ичер суунун азабын өтө тартып келет. Бул жаатта 2023-жылдын жайы өзгөчө мезгил болду. Шаардын түштүк тарабындагы Арча-Бешик, Селекция, Ак-Ордо айылдарында жайдын эң аптаптуу күндөрү суу тартыштыгы жаралып, эки айдай чаңкаган тургундар чака-чайнегин көтөрүп жол тосконго чейин барышты. Адистер шаарга суу берип турган жер астындагы көлмөлөр менен сууканалардагы суунун деңгээли өтө төмөн түшүп кеткенин, ага ашкере коромжу себеп болгонун айтышты.
Шаар бийлиги көйгөйдү убактылуу чечип туруу үчүн мончо, унаа жуучу жай өңдүү ишканаларга суу берүүнү чектеп, тургундарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып жатышты. Маселе парламентке чейин жетип, суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн бери дегенде 500 млн сом керектелери маалым болду.
Архитекторлор шаардын башкы планынын өзөгүн экономикалык негиз түзөрүн айтышат. Алдын ала 20-25 жылдык мөөнөткө кандай демографиялык өзгөрүү болору, аларга кандай социалдык-экономикалык шарттарды түзүү керектиги дыкат эсептелет. Шаар куруу адистери жумуш орундары, турак жайлар, социалдык объекттер, суу, канализация, энергия менен камсыздоо, жол, унаа токтотуучу жайлар, таштанды өңдүү маселелерди терең изилдеп, эсептеп чыгышат.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурунку директору, архитектор Ишенбай Кадырбеков Бишкек шаарынын архитектуралык өнүгүүсү сабаттуу даярдалган документке негизделбей калгандыктан, социалдык-экономикалык чыңалуулар биринин-артынан бири жаралып жатканын айтат:
“Бишкектин азыркы Башкы планы алты жылда иштелип чыккан. Бул оңой эмес, чоң иш. Жыйырма жыл мурун эле жасалган Башкы планды эми эстеп, ошону турмушка ашыралы деп атканы мени таң калтырып атат. Ушул жылга чейин Аламүдүн, Сокулук райондорунда өздөрүнүн тургундарына жер бөлүп берип атты, түшүнүгүнө жараша жол куруп атышты. Бишкектин өсүшүнө, Башкы планына эч ким көңүл бурган жок. Мына бүгүн ойгонуп атышат. Быйыл Башкы пландын эсептелген убактысы бүтөт. Дагы 20-25 жылга кандай өсүш керек, аны базасынын негизинде эсептеш керек да. Келечектеги Башкы планды эчак эле, 3-4 жыл мурда башташ керек эле. Аны ойлогон киши жок. Азыр 20 жыл мурун жасалган нерсени турмушка ашырып атат дагы, келечекте эмне болорун бирөө дагы эсептеген жок. Мына ошондуктан бүгүн Бишкекте транспорттук коллапс болуп, жайында суу жетпей, канализация, таштанды маселесин кантип чечерин билбей, баш оору болуп атат да. Эмне үчүн? Себеби адистер иштеген жок. Мэрияны карап көргүлөчү, иштеп аткан бир шаар куруу адиси барбы? Жок. Долбоорлоо институту барбы? Жок. Эч нерсе жок да. Бүгүн каякка өсүп жатабыз, эмне болуп атабыз, ойлогон киши жок”.
Шаар бийлиги 2023-жылы март айында гана жаңы Башкы планды түзүүгө киришкени маалымдалды. Учурда иштеп жаткан 2025-жылга чейинки Башкы план 2006-жылы кабыл алынган. Архитекторлор ал бир кыйла сабаттуу жасалганы менен, болгону 15-20% гана ишке ашты деп эсептешет. Башкы планда Аламүдүн, Ала-Арча дарыялары менен Чоң Чүй каналынын өрөөндөрү тоодон шаарга кирүүчү муздак аба агымынын нугу катары кызмат кылгандыктан, анын аймагында курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары ал аймактар дагы активдүү курулуштун шарына кирип кетти.
Кыргызстандын административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинен 2 республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.
Расмий маалыматтарга ылайык, республика боюнча 452 айыл аймагынын 62си бирден гана айылдан турат. Алардагы калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин түзөт. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары да бар.