Бишкекте жаңы окуу жылы менен унаалардын тыгыны да башталды. Шаар башкармалыгы айрым каттамдардагы кичи автобустарды жаңы келген автобустарга алмаштырып, Түштүк магистраль жолунда атайын тилке чийип, коомдук транспортко артыкчылык бергени менен, жеңил машиналардын тыгыны ого бетер көбөйдү. Ал эми Бишкек мэриясы айрым көчөлөргө "акылдуу жол чырактарды" коюп, базар, автобекеттерди шаардын сыртына чыгарууну пландап жатат.
"Коомдук транспорт үчүн чийилген тилке тыгын жаратты"
Бишкек шаарында эл ташып такси кызматын аркалаган Чолпонбай шаардагы жолдун тардыгына нааразы болууда. Ал Токомбаев көчөсүндөгү коомдук транспорт үчүн чийилген тилке да туура эмес чечим болгон дейт.
"Бул тыгын жолдун тардыгынан да. Мисалы, 12-кичи район жактан бери автобус үчүн чийим чийди. Эми эки тилкеге машиналар такыр батпай жатат. Жогору да, ылдый жакка барсаң да 30-40 минутуң жолдо эле кетип калат. Автобустун тилкесине өтсөң, айып салат. Ал жер жок дегенде 4 тилке болсо бир жөн да. Бирөөндө автобус жүрсө, калганында мындай унаалар жүрөт эле. Башка көчөдө деле тыгын, бул жолдун тардыгынан. Эл көп, машина да көп. Жолдор талапка жооп бербей жатат, ошол үчүн тыгын".
Ал эми алты жылдан бери троллейбус айдаган Сезим Жапарова жолдогу тыгындан улам өкмөттүн планын толтура албай калганын айтууда:
"Тыгындын айынан экинчи смендин убагына жарым саат кирип кетип, анан өткөрүп берип жатабыз. Экинчи сменге иштеген айдоочулар болсо 4,5 айлампанын ордуна 3,5 гана иштеп калууда. Өкмөт берген планды аткарыш бир аз кыйын болуп калды. Шаарда жүргүнчүлөрдү камсыз кылган автобус менен эле троллейбустар. Анан жүргүнчүлөр: "Саат 8де жумушка кирмекпиз, 10 минут өтүп кетти, 20 минут өтүп кетти. Туура беребизби? Качан айдайсың? Ушуңар жакпайт, коомдук транспорт" деп нааразы болушат".
"Акылдуу жол чырактар коюлат"
Бишкектеги унаалардын тыгыны жыл сайын көбөйгөнү байкалууда. Албетте, шаарда калктын саны өстү, ага кошо эле унаалар да көбөйүп жатат. Окуу жылы башталгандан бери калаадагы көчөлөргө унаалар батпай, жумушка, окууга кечигип баргандар арбыды.
Эртең менен жана кечкисин жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер унаа агымы көп кесилиштердеги кырдаалды жөнгө салганы менен, күндүзү деле тыгын болууда.
Калаа башкармалыгы бул көйгөйдү чечүү үчүн шаардагы негизги көчөлөргө акылдуу жол чырактарды коюуну пландап жатканын билдирди.
"Жаңы акылдуу жол чырактарды коёлу деп жатабыз. Ошондо МАИ кызматкерлеринин жумушун бир жерде отуруп эле бир диспетчер башкарып турат. Бул азырынча пилоттук долбоор. Мындан сырткары, жол кесилиштерин кеңейтүү иштерин жүргүзөбүз", - деди "Жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасынын башчысы Ренат Султамамытов.
"Ош базары шаардын сыртына көчүрүлөт"
Ал эми буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров тыгынды азайтуу үчүн Ош базарын шаардын сыртына чыгарууну көздөп жатканын айткан.
"Бул дагы шаардагы тыгын маселесине байланыштуу. Шаарга 900 микроавтобус аймактардан келип жатат. Алар шаарды аралап тыгын пайда кылып, экологияны дагы бузууда. Биз ушуну сыртка чыгарабыз, азыр долбоор жазып жатабыз. Бирөөнү айланма жолго чыгарып, "Силк вейден" 8 гектар жерин имараты менен алдык, бул маселе чечилип жатат. Мындан сырткары "Ош базарын" жана Батыш автобекетин жылдыруу үчүн айланма жол жактан 100 гектардан ашуун жер бөлүнгөн, долбоорун жасап жатышат. Жазында ишке ашырабыз деп турабыз".
Абдыкадыров бул маселе базардын жетекчилери менен сүйлөшүлгөнүн, маселе президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин билдирди.
Буга чейин жолдогу тыгынга байланыштуу базардын тегерек-четин тазалоо иштери дагы жүргүзүлгөн, бирок көп жыйынтык берген эмес.
"Комплекстүү иш алып баруу керек"
Ош базары жана автобекеттерди сыртка чыгаруу менен маселе толук чечилбесин айрым серепчилер айтууда. Анткени айрым маалыматтарга караганда, совет мезгилинде курулган Бишкек шаары 40 миң машинага эле ылайыкталган. Ал эми азыркы учурда жарым миллионго жакын унаа Бишкекте жүрөт. Албетте, бул шаарга кирип чыккан машиналарды эске алганда.
Бишкектин негизги көйгөйлөрүнүн бири болгон тыгын маселеси чечүү үчүн комплекстүү иш алып баруу керектигин урбанист, шаар пландоочу Атай Самыйбек билдирди.
"Кыска мөөнөттөгү чечим катары жеке автоунааларды колдонууну азайтуу керек. Бул үчүн эң белгилүү ыкмалардын бири машиналардын номерин карап бир күнү так сандагы номерди, эртеси күнү жуп сандагы машиналарды жүргүзсө болот. Экинчиден, коомдук транспортту өнүктүрүү керек, ал канчалык ыңгайлуу, сапаттуу болсо, жеке унааларды азайтууга ошончолук таасирин берет. Тилекке каршы, мектептердин билим бергени, кадыр-баркы ар кандай болгон үчүн көптөгөн ата-энелер, мисалы, Арча-Бешикте жашап, "Аламүдүн-1ге" алып барат. Же "Аламүдүн 1де" жашап, балдарын Жал тарапка алып барат. Ошондуктан МАИ системасын өнүктүрөбүз, жолду кеңейтебиз дей бербей жалпы караш керек. Жумуш орундары кайсы жакта турат, шаар пландоо кандай болушу керек дегенди ойлонсок жакшы болмок".
Ошондой эле Атай Самыйбек Бишкектин четиндеги Кант, Токмок, Шопоков шаарларын да өнүктүрүп, Бишкектеги тыгынды азайтса болорун белгиледи.
"Бишкекке метро керек"
Ал эми Жапонияда окуп, бир нече жыл жашап келген саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн жер алдында жүрүүчү метро болгондо чечилет дейт.
"Токиодо таптакыр деле тыгын жок. Себеби 90% ашык эл метро менен жүрөт. Токиодо менчик машина менен жүрүү өзүн актабайт. Анан унаа токтотуучу жайлардын баасы кымбат. 1 сааты 5 доллар турат. Унаа токтотуучу жай издеп, ага акча төлөп, камсыздап, жумушуңа жетип баргыча метрону тандашат. Ал жакта метро кенен жайылган. Бишкекте метро курмайынча маршрутту жок кылабыз, автобус көбөйтөбүз дегени маселенин 10% гана чечет".
Сейтек Качкынбай айтып жаткан Бишкектеги метро куруу ниетин Бишкек мэриясы бир нече жолу жар салган. Атүгүл мурдагы мэр Балбак Түлөбаев суу каналдарынан үстүнөн жүрүүчү метро куру ниети бар экенин да билдирген.
Азырынча Бишкек мэриясы унаалардын тыгынын азайтуунун бир жолу катары шаардагы кичи автобустарды Кытайдан алынган 1000 автобуска алмаштырууну көздөп жатат.