Эстония Украинанын куралдануусун жакшыртууга 1,2 миллиард евро бөлөт

Владимир Зеленский жана Алар Карис. 2024-жылдын 11-январы.

Эстония Украинага куралдануусун жакшыртууга үч жыл аралыгында жалпысынан 1,2 миллиард евро бөлөт. Бул тууралуу бүгүн 11-январда Таллинде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин өткөн пресс-конференцияда Эстониянын президенти Алар Карис билдирди.

«Биз Украинага согуш башталгандан бери буга чейин 85 миллиард евролук жардамыбызды бердик. 2027-жылга чейин узак мөөнөттүү колдообуз дагы 1,2 миллиард евро түзөт. Украина көбүрөөк жана жакшыраак куралданууга муктаж болуп турат», – деди Эстониянын башчысы.

Ошону менен катар, анын айтымында, эстон бийлигинде Украинаны калыбына келтирүү боюнча конкреттүү пландары бар. Аларды ишке ашыруу үчүн Европа Биримдигиндеги өлкөлөр менен бирге камакка алынган орусиялык активдерди пайдалануу жолдору талкууланып жатат.

Зеленский Балтика өлкөлөрүнө сапарын 10-январда баштаган. Кечээ ал Литвада болгон. Эстониядан кийин Латвияга барат. Талкууланып жаткан негизги маселе - Украинанын Орусиянын баскынчылык согушуна каршы күрөшү, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болуу пландары. (RK)

Дагы караңыз

ИИМ сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши тууралуу маалымат берди Казакстанда кызамык жугузгандар 30 миңден аштыБашкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлат