Блинкен Махмуд Аббас менен Батыш Жээкте жолукту

Энтони Блинкен жана Махмуд Аббас. 10-январь, 2024-жыл

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 10-январда Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен Израил оккупациялап алган Иордан дарыясынын Батыш Жээгинде жолукту. Блинкен буга чейин Израил жетекчилиги менен сүйлөшүп, аларды Палестин мамлекетин түзүүгө жол берүүгө чакырган.

Блинкен 88 жаштагы Аббас согуштан кийин Газа тилкесин көзөмөлгө алуу үчүн өз өкмөтүндө реформаларды жүргүзүшү керек деген Вашингтондун пикирин жеткирди.

Он жыл мурда АКШнын ортомчулугу менен азыр Израил оккупациялап алган аймакта Палестин мамлекетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес. Израилдин бийлигиндеги коалициянын оңчул лидерлери Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы.

Блинкен маалымат жыйында жөөт өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жана анын кабинети Палестин мамлекетин түзүү чакырыгын кандай кабыл алганын айткан жок.

Ал Израилге “оор чечим кабыл алып, кыйын тандоо жасоого туура келерин” белгиледи.

Ал арада Газада согуштук аракеттер уланып жатат.

Аймакта согуш 7-октябрдагы ХАМАС куралдуу тобунун жоочулары жөөт конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алгандан кийин башталган. ЦАХАЛ Газадагы аскердик операциясы баштагандан бери анклавда 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси билдирип жатат. Бул санды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

"Кыргызавтожол" кызматкерлери мамлекетке жети миллион сом төлөдүСот журналисттер Жолдубаева менен Тажыбек кызынын ишин кыскарттыКазакстанда каракалпак диаспорасынын лидери каза болду