Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Сот журналисттер Жолдубаева менен Тажыбек кызынын ишин кыскартты


Бишкектин Биринчи Май райондук соту.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту.

10-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Кундуз Жолдубаева жана Махабат Тажыбек кызына байланыштуу ишти кыскартып, алардын аракетинде майда бейбаштык жок деп тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын арызы боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин протоколунун негизинде иш соттук өндүрүшкө жиберилген. Сотто прокурор журналисттердин аракетинде мыйзам бузуу жок экенин айтып, ишти кыскартууну сураган.

7-декабрда Кундуз Жолдубаева Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө бир саат сурак берип чыккан. Журналист буга депутат Надира Нарматованын “Арча медиа” YouTube каналындагы эфирлердин биринде анын беделине шек келтирилгени тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековго жазган арызы негиз болгонун билдирген. Ал арызында Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызына чара көрүүнү суранган.

Ал берүүгө конок катары катышкан “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун журналисти Махабат Тажыбек кызы да суракка чакырылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул боюнча комментарий бере элек.

Надира Нарматованын арызына байланыштуу кылмыш ишин козголгон эмес. Бирок “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстеги “майда бейбаштык” менен жоопко тартуу протоколу сотко жөнөтүлгөн. Депутат “Азаттыкка” бул тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG