Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

"Кыргызавтожол" кызматкерлери мамлекетке жети миллион сом төлөдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Кыргызавтожол" ишканасынын Таластагы филиалындагы кызмат адамдары мыйзам бузганы аныкталып, мамлекетке жети миллион сом зыян келтирилгенин билдирди. Бирок мыйзам бузуу жана акча кымыруу фактысы конкреттүү кайсыл ишке байланыштуу экени кабарланган жок.

УКМКнын басма сөз кызматы 10-январда кабарлагандай, мурда зыяндын көлөмүн аныктоо масатында козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргөн. Атайын кызмат жети миллион сомдук зыяндын орду толтурулганын, ошол эле учурда Талас облусунда жол курууга багытталган каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо үчүн иликтөө уланып жатканын маалымдады.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожол" ишканасынан буга азырынча комментарий боло элек.

"Азаттык" Кыргызстанда жол куруудагы коррупцияга байланыштуу бир канча иликтөөлөрдү жарыялаган. Мурдагы транспорт министрлери баштаган бир катар аткаминерлер паракорчулукка шек саналып кармалып, соттолгон учурлар болгон.

Расмий маалыматтарда Кыргызстан эгемен тарыхында жол куруу долбоорлоруна сырттан жалпысынан 2 миллиард 571 миллион 391 миң доллар алганы айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG