Казакстанда каракалпак диаспорасынын лидери каза болду

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери Ниетбай Уразбаев. Архивдеги сүрөт.

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын лидери Ниетбай Уразбаев 9-январда Алматыдагы ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу диаспора өкүлү Акылбек Муратбай X социалдык түйүнүнө жазды. Маалыматты Узарбаевдин жакындары да журналисттерге ырасташты.

Муратбайдын айтымында, Уразбаев соңку күндөрү Алматыдагы кызыныкында болчу. Ал Өзбекстандын атайын кызматы өзү жашаган Актау шаарындагы үйүнөн уурдап кетет деп кооптонуп жүргөн.

“Ал абдан чочулап, катуу ойлонуп жүргөн. Ооруканага кайрылгандан да коркчу. Жума күнү саламаттыгы кескин начарлап, "Тез жардам" чакырышты. Эки күн реанимацияда жатты. Жекшембиде жакшы болуп, жалпы бөлүмгө которулган. Мен сүйлөшкөндө абалы дурус болчу. Ал кардиология бөлүмүндө дарыланып жаткан”,- “Азаттыктын” казак кызматына Акылбек Муратбай.

Өзбекстанда Уразбаев 2022-жылдагы Нукустагы окуяларга байланыштуу 12 жылга сыртынан кесилген. Муратбайдын айтымында, соңку бир жарым жылдан бери Ташкент Уразбаевдин казак жарандыгынан ажыратылышын жана Өзбекстанга экстрадицияланышын талап кылып келген.

Уразбаев видеокайрылуу аркылуу өзүнүн Нукустагы жердештерин колдогон билдирүү жасаган.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси 2022-жылдын жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, 243ү жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.

Соттук териштирүүнүн биринчи инстанциясы Бухарада өтүп, январдын аягында 22 адамга өкүм чыккан.

Дагы караңыз

Ташиев депутат Жамгырчиев камалбай турганын айттыМинистрлик Израил ырчыларынын Бишкектеги концерти тууралуу маалыматты четке какты УКМК Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын билдирди