Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

УКМК Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын билдирди


Имамидин Ташов
Имамидин Ташов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Имамидин Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 10-январда маалымдагандай, бул иштер анын KG Group курулуш компаниясындагы мыйзам бузууларга байланыштуу.

Ошондой эле атайын кызмат Ташовго издөө жарыяланганын белгилеп, анын "УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды" деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да парламент жыйынында да айткан.

Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен биргеликте "бийликти басып алууну пландаган" деп шек саналууда. УКМК бул үчүн жетиштүү далилдер бар деп ырастоодо. Ташов жана Кудайберген уулу буга азырынча комментарий бере элек.

9-январда социалдык тармактарга KG Group компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Ташиев муну четке какты.

УКМКнын төрагасы анын төңкөрүш жасоо аракетине жетиштүү далилдер бар экенин кошумчалады.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан.

Ал зыяндын ордун он батир жана 52 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык мекемеге өткөрүп берип толтурганы кабарланган.

Имамидин Ташов соңку президенттик шайлоого катышкан жана 1% көбүрөөк добуш алган. (SE)

XS
SM
MD
LG