Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Министрлик Израил ырчыларынын Бишкектеги концерти тууралуу маалыматты четке какты


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эн белгиси.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эн белгиси.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Израилдин ырчылары концерт берет” деген маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди.

Министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, концертти уюштуруучулар менен филармониянын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Буга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарандарды такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө чакырды.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда социалдык тармактын айрым колдонуучулары Израилдин ырчылары 29-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт бере турганын жазып, ага каршы экенин билдирип жатышкан.

Былтыр октябрь айында Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада 300дөй адам Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын уюштурушкан.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери эки жүздөй аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Аймакта гуманитардык кризис курч болуп турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG