9-январда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат. Жыйында купуя маалыматтар айтылат деген жүйө менен комиссияга мүчө эмес депутаттар жана Жамгырчиев жыйындар залынан чыгарылып, ал жабык өтүүдө.
Жыйындын ачык өткөн бөлүгүндө Жамгырчиев өзүнө тагылган кинеге макул эмес экенин айтып, муну саясий куугунтук катары баалай турганын билдирди.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын жарыялаган.
Ошол күнү Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.
41 жаштагы депутат Эмил Жамгырчиев “Альянс” фракциясынын депутаты. (NbA/TAb)
Дагы караңыз
"Дастан" жана Бишкек штамптоочу заводдору Коргоо министрлигине өттү10-январдын аба ырайыӨкмөт жаңы кабыл алынган туунун эскизин бекиттиАзык-түлүктүн бир канча түрүнө импорттоодон кошумча нарк салыгы алынбайт