Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Азык-түлүктүн бир канча түрүнө импорттоодон кошумча нарк салыгы алынбайт


Бишкек шаарындагы базарлардын бири. Архив.
Бишкек шаарындагы базарлардын бири. Архив.

Кыргызстанда азык-түлүктүн бир канча түрүн импорттоодогу нарк салыгынан бошотуунун мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтому 28-декабрда чыкканы белгилүү болду.

Ага ылайык, ун, жумуртка, арпа, сулу, балыктын жана мал-жандыктар үчүн азыктар, бодо малды ташып келүүдө 2024-жылдын соңуна чейин нарк салыгы алынбайт.

Министрлер кабинети 2023-жылы буудай жана унду импорттогондорду кошумча нарк салыгынан бошоткон токтомун чыгарган.

Былтыр 22-декабрда президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн изилдөө институту түзүлө турганын кабарлаган. Анын сөзүнө ылайык, ал азык-түлүктүн абалын, өндүрүштү, керектөөнү, резервдерди, тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдеп-талдоо менен алектенет жана тиешелүү сунуштар менен божомолдорду иштеп чыгат.

Улуттук статистика комитети былтыр ноябрда чыгарган маалыматында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин кымбаттаганы байкалган.

XS
SM
MD
LG