Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

"Дастан" жана Бишкек штамптоочу заводдору Коргоо министрлигине өттү


"Дастан" ишканасы Санарип министрлигинен Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомго 29-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Былтыр 12-майда Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. Бул кадам мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жумушун жакшыртуу максатында жасалды деп сыпатталган.

Сентябрда "Дастан" ишканасы жана "Евразия сактык банкы" Санарип өнүктүрүү министрлигинен кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүлөрү кабарланган. Бул коомчулукта ишканалар мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун кызыкчылыгына иштеп келгенби деген суроо жараткан.

Министр болгонго чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен байланышын журналисттер иликтеп чыгышкан. Иманов кийинчерээк комментарий берип, иликтөөдө айтылгандарды четке каккан.

Стратегиялык маанидеги "Дастан" заводу Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштейт.

Министрлер кабинетинин токтому менен “Бишкек штамптоочу заводу” да Экономика жана коммерция министрлигинин карамагынан Коргоо министрлигине өттү. Мурдагы Ленин заводунун базасындагы бул ишкана өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын бири. Анда ок-дарылар өндүрүлөт. Ишканада учурда 500дөн ашык адам эмгектенет.(SE)

XS
SM
MD
LG