Жалал-Абад шаарында Өзбекстан метан газын берүүнү токтоткондон кийин 20 күндөй каттамга чыкпай калган автобустар 9-январда кайра иштеп баштады.
Былтыр декабрь айында күн суук болгондо Өзбекстандын өзүндө газ тартыш болуп Жалал-Абаддагы автобустарга метан газын бербей калган. Ушул тапта газ берүү жанданды. Автобустар метан газы менен жүргөндүктөн шаардык мэрия аны Өзбекстандан алып келүүдө.
Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жатат.
Кошуна өлкөдөгү инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станциянын курулушу башталган.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобус тапшырган. Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичнен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан. (TB)
Дагы караңыз
Прокуратура Ырыс Жекшеналиевдин ишин сотто кайра кароо өтүнүчүн бердиКүрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жататДосоновдун адвокаты анын каза болгону тууралуу маалыматты четке кактыКыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштеп жататУКМК “УСТА” базарынын коммерциялык директорун кармадыКазакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылдыИспания Косовонун жарандык паспортун тааный турганын билдирди