Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат


57 кг салмакта ченинде Алмаз Сманбеков менен Бекзат Алмаз уулу күрөшүп жатат. 8-январь, 2023-жыл.
57 кг салмакта ченинде Алмаз Сманбеков менен Бекзат Алмаз уулу күрөшүп жатат. 8-январь, 2023-жыл.

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат.

8-январда эркин күрөш боюнча беш салмакта беттештер болуп, 57 кг салмак ченинде Алмаз Сманбеков, 65 кг Эрназар Акматалиев, 74 кг Исламбек Орозбеков, 86 кг Нуртилек Карыпбаев, 97 кг Андрей Аронов биринчи орунду алды. Булардын баары тең күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар.

9-январда 61, 70, 79, 125 кг салмактагы балбандар күч сынашат.

10-11-январь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 11 салмакта килем үстүнө чыгат.

Кыргызстандын чемпионаты өлкө ичиндеги эң чоң мелдештердин бири. Аны уткан балбандар Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге, анын ичинде быйыл өтө турган Париж Олимпиадасына ойнотула турган лицензиялык мелдештерге катышат.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

Азырынча эркин күрөштөн Кыргызстанда Париж Олимпиадасына эч ким жолдомо ала элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG