Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштеп жатат


Видеокамераларды көзөмөлдөп жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлери.
Видеокамераларды көзөмөлдөп жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлери.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) санариптештирүү жана укук бузууларды аныктап, ыкчам чара көрүү үчүн Кыргызстанда коомдук жайларда 3 миңге жакын видеокамера орнотулганын билдирди. Маалыматка караганда, анын 800дөн көбү министрликтин коомдук коопсуздук кызматына караштуу Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган жана 100дөн ашык камера адамды жүзүнөн таануучу ситемага туташтырылган.

Мекеме өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде 24 саат бою жети күн көзөмөлгө алынарын, былтыр видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылганы кабарланды. Андан тышкары издөөдө жүргөн 800дөн көп киши аныкталган. Анын ичинен 100дөн ашыгы кылмышка шек саналып Интерполдо эл аралык издөөдө жүргөндөр. Дайынсыз болуп жаткан 150гө жакын киши табылган.

2019-жылы Кыргызстанда көчөлөрдө адамды жүзүнөн тааный турган камералар коюла баштаган. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы менен кызматташуу тууралуу буйрук чыгарган. CEIEC Кыргызстанга адамды жүзүнөн тааныган камераларды бекер берип ал орнотулган.

Human Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камераларды сынга алып, санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатканын, аны андан ары эмне кылары белгисиз экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG