Балыкчыда муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки бала куткарылды

Муз тээп жатып сууга түшүп кеткен балдарды куткаруу учуру. 8-январь, 2023-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 8-январда Балыкчы шаарында Озерная кѳчѳсүндөгү кѳлмѳдѳ муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки бала куткарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя болгон жерде төрт куткаруучу иштеп, алар чала тоңгон көлмөнүн музун жиреп сүзүп барып, балдарды куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман алып чыгышкан.

Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен. Балдардын абалы жакшы экени, ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканы айтылды. (BTo)

Дагы караңыз

Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетМамкатчы аянтка 1-январда илинген туу боюнча териштирүү болорун айттыПарламенттин мурдагы депутаты Жеңишбек Бекболотовдун сөөгү Бишкекке коюлду Казакстанда алдамчылыкка шек саналган жаран Бишкекте кармалдыОш мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууга киришти Министр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырдыДепутат Жамгырчиев башкы прокурордун маалыматын четке какты