Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Мамкатчы аянтка 1-январда илинген туу боюнча териштирүү болорун айтты


“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.
“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко макулдашылбай илинген туу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелер териштирүү иштерин жүргүзөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 8-январда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Ушундай ката кетти, алешемдик, шашылыш болуп кетти деп айттым. Чынында эле ушундай болуп калды. Бул маселеге өзгөчө мамиле кылыш керек эле. Туу боюнча тигил же бул ишти жүргүзүп жаткан мамлекеттик органдар мыйзамдын негизинде гана өздөрүнүн иштерин кылышсын. Бирок мен мындай же тигиндей болот деп так кесе баа берүүгө укугум жок”, - деди ал.

Буга чейин Касмамбетов 1-январда “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко такталбаган, толук кароодон өтпөгөн туу илингенин ырастаган.

8-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы болуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди.

1-январда аянтка жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына жаңы туу илинген. Анда туунун нурлары түз болуп, түндүккө бириктирилген. Желекти алмаштырууда эч кандай расмий иш-чара уюштурулган эмес. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан башкача болчу.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” билдирген.

Ал эми Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

Өкмөт да, Дайырбек Орунбеков да “Ала-Тоо” аянтына 1-январда илинген туу кимдин чечими, кайсы токтом менен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Былтыр декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG