Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет


Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанда расмий иш-сапар менен болот.

Бишкектин маалымдашынча, ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келмекчи.

Эки өлкө бийликтери 2023-жылдын жайында коопсуздук келишимине кол койгонун TRT AVAZ кабарлаган. Макулдашууга ылайык, Бишкек менен Анкара трансулуттук кылмыштуу топторго, маңзат аткезчилигине, адам сатууга жана арам акчаны адалдоого каршы биргелешип күрөшөт.

Хакан Фидандын сапарынын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланат, биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун жыйыны өтөт.

Түрк министрин президент Садыр Жапаров да кабыл алат. (SE)

XS
SM
MD
LG