Казакстанда алдамчылыкка шек саналган жаран Бишкекте кармалды

Алдамчылыкка шек саналып кармалган казак жараны. Кыргызстандын ИИМи тараткан сүрөт.

Кыргыз милициясы Казакстанда алдамчылыкка шек саналып, издөө жарыяланган жаран Бишкекте кармалганын билдирди.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 8-январда тараткан кабарга ылайык, Алматынын тургуну сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен колго түшкөн.

Маалыматка караганда, шектүүгө Казакстанда каржы пирамида схемасын түзүү жана аны жетектөө айыбы менен издөө жарыяланган. Анын үстүнөн казак полициясына 2021-жылы жамааттык арыз түшкөн. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал Казакстандан качып кеткени айтылат. Учурда Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.

2022-жылы Казакстанда каржы пирамидасын түзүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, аларды жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Бир канча жаран жоопкерчиликке тартылган.

Былтыр июндан тартып Кыргызстандын аймагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөр аралык издөө салынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштаган. Көп өтпөй ИИМ аталган системанын жардамы менен бул уюмга кирген мамлекеттердин аймагында издөөдө болгон 60ка чукул адам аныкталганын билдирген. Арасында сегиз-тогуз жылдан бери издөөдө жүргөндөр бар экени белгилүү болгон. (SE)

Дагы караңыз

Туу чыры: Аянтка кайра парламент кабыл алган туу илинди Жамгырчиевди жоопко тартуу маселеси боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдөИзраил армиясы Газанын түндүгүн толук көзөмөлгө алганын жарыялады