Парламенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик тууну көтөрүү аземине спикер Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, өкмөт башчы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.
Мамлекеттик катчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко такталбаган, толук кароодон өтпөгөн туу илингенин ырастады. Бирок ал желекти ким даярдаганын, кимдин чечими менен илингенин тактаган жок.
“Бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алып, өкмөттүн токтому менен бекитилген желек. Эми өңү, узуну кандай даярдалышы керек өзүнүн жобосу менен накта желегибиз жаңырды”, - деди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.
Тууну көтөрүү салтанатына желектин авторлору Жусуп Матаев менен Бекбосун Жайчыбеков да катышты.
Бирок бүгүн расмий көтөрүлгөн туу да бир саатка жетип - жетпей түшүрүлүп, кайра көтөрүлгөнү белгилүү болду. Маалыматтарда жаңы туу көтөрүлгөндөн кийин анын чети айрылып калганы көрүнгөн.
Бийликтин мамлекеттик желекти алмаштыруу демилгеси былтыр күздө көтөрүлгөндөн бери эле ар кандай карама-каршы сөздөрдү жаратып, саясий талкууларды пайда кылып келди.
Парламенттеги жана коомдогу каршы пикирлерге карабастан 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.
22-декабрь күнү президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон.
Ушуну менен желектин тегерегиндеги маселеге чекит коюлгандай болгон. Бирок ага байланыштуу талкуу 1-январда борбордук аянтка парламент кабыл алгандан башка туу илингенден кийин кайра жанданган.
Башкы аянтка 1-январда туунун парламенттен өтпөгөн, талкуу учурунда гана көрсөтүлгөн вариантынын илинип калышы көптөгөн суроолорду жараткан. Анда туунун нурлары түндүккө бириктирилген.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган.
Желекти алмаштырууда эч кандай расмий иш-чара уюштурулган эмес.
1-январдан тартып бир катар мамлекеттик кызматкерлер, мекеме-министрликтердин маалымат кызматтарында иштегендер социалдык тармактардагы баракчаларында аянтка алгачкы болуп илинген туунун сүрөтүн жарыялап жатышкан. Эми алардын баары өчүрүшкөнү айтылууда.
Бул аралыкта мамлекеттик мекемелер да чаташып, имараттарга эки башка туу илинген учурлар да болду.
Ошентип борбор калаадагы башкы аянтта жана айрым мамлекеттик органдарда сегиз күн бою расмий эмес туу илинип турду.
Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түз болуп оңдолуп, түндүктөн өзүнчө ажыратылган жана чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин айтып, “туудагы күн нурлары күнкарамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес” деген жүйөнү келтирген.
Ал арада тууга байланыштуу сурак бергендер да болду
Жума соңунда мамлекеттик тууга байланыштуу пикир жазган бир нече адам суракка кирип чыкканы маалым болду.
Айрымдар 1-январда аянтта илинген желектеги күндүн нурлары 40 эмес, 39 экенин социалдык тармактардагы баракчаларына жазгандан кийин Бишкек мэриясы тууну түшүрүп, нурларды кайра санап чыкканын жарыялаган.
Калаа бийлиги туудагы нур түгөл экенин билдиргенден кийин азыркы бийликке ыктаган айрым адамдар "желекти мазактагандарды жоопко тартуу" керектигин жаза баштаган.
Көп өтпөй бир нече адам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип чыкканы айтылып, "Кылым шамы" укук коргоо уюму буга байланыштуу билдирүү тараткан.
Аталган уюмдун жетекчиси, укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бул аракетин сынга алды.
"Белгилүү болгондой эле карапайым жарандар күнөөлүү болуп калды. Аларды бийликтин душманы катары көрүп, жаңы тууда 40 нур бар экенин көрбөй, атайы жазып чыкты деп айыпташты. Ошондуктан Улуттук коопсуздук кызматына чакырып, сүйлөшүп, элдин баарын атайын сүйлөшүлүп жазылган билдирүүлөр деп ишендирүүгө аракет кылышты. "Ала-Тоо" аянтына жаңы тууну көтөргөндө мен да 39 гана нур бар экенин жакшылап санап чыккам. Эми баарын оңдоп, 40 нурлуусун илип койгондон кийин элди алдоонун кереги жок. Бийлик башындагылар элден айлык алып иштейт, демек эл сапатсыз жасалган жумушту көзөмөлдөөгө, сындоого укуктуу", - деп жазды укук коргоочу Абдирасулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.
Ушундай эле билдирүүнү Фейсбуктагы баракчасына Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да калтырган.
Суракка аталган партиянын өкүлү, активист Алга Кылычев да кирип чыккан. Ал УКМК кызматкерлери 4-январда сүйлөшүүгө чакырып, Фейсбукка туу тууралуу жазган соңку билдирүүсүн алып салууну талап кылып, басым жасаганын айтты.
"Жакшы сүйлөп атып эле бир маалда Фейсбуктагы билдирүүмдү алып
салышым керектигин айтышты. Менин бул билдирүүм Баш мыйзамга же дагы башка мыйзамдарга каршы келбей турганын айтып, сунушунан баш тартым. Эки кызматкер сүйлөшүп жаткан, бир кезде экинчиси орой мамилеге өтүп, сөктү. Билими бар, офицер адамдын деңгээли эмес, көчөдө жүргөн бандиттерче мамиле кылды. Экспертизага жөнөтүп, түшүнүк кат жаздырарын айтышты. Бирок алардын мени бул суракка чакырганга ордер, чакыруу кагазы жок болчу. Колумду толгоп, чаап, эшикке чыгып кетсем менин түбүмө жетеримди айтышты. Алар ошондой эле "туу тууралуу жазган пикиримди жазууга Темирлан Султанбеков багыт берген" деп айт" дегенинен ага да макул болбой кетип калдым".
Азырынча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.
Желектин өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, акция уюштурууга аракет кылган активист Афтандил Жоробеков УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталып декабрдын башында кармалган.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ар бир кыргыз жараны өз оюн эркин айтууга, билдирүүгө укуктуу экенин эске салды.
"Тилекке каршы биздин өлкөдө соңку жылдары жүргүзүлүп жаткан саясат туура эмес болууда. Күч органдарын колдонуп, куугунтуктоо аркылуу оюн айткандарды тыюу, басуу аракети жакшылыкка алып келбейт. Биздин коомубуздун өнүгүү багытын туура эмес түшүнгөндүк бул. Биз Казакстан, Өзбекстан же Түркмөнстан, Тажикстан эмеспиз. Биздин коом 30 жылда эркин жолдо, демократиялык багытта өнүккөн коом. Ошол коомду азыр Түркмөнстандын жолуна салуу, кысуу жакшылыкка алып келбейт. Мен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында оппозицияда жүрүп, куугунтукталып, сот жообуна тартылгам. Бирок ал кишинин учурунда да азыркыдай куугунтук, басым болгон эмес. Ага чейинки Бакиевдин доорунда киши өлтүрүү, камоо, коркутуу, кол, чыпалак, кулак кесип жөнөтүп эскертүү болгон, аны өтө зөөкүр ыкма деп атасак болот. Биз өз оюн эркин билдирген коомбуз, ошондуктан ага басым жасоо болбойт жана бул туура эмес жол. Мунаса, сүйлөшүү, ойлордун плюрализми биздин мамлекетте сөзсүз болушу керек".
Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы 40 нур кыргыздын кырк уруусу деген маанини берет. Шаар мэри Айбек Жунушалиев коомчулук сынынан кийин 2-январда аянттагы желектеги күндүн нурларын санап чыгып, толук экенин айтканы менен Жогорку Кеңеш кабыл алып берген вариант менен аянтка илинген туунун айырмасы тууралуу сөз кылган эмес.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган.
Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Аянттагы туудан айырмаланып, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти имаратынын алдына илген. Мындай дал келбестик да коомчулуктун сынына кабылган.
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев атайын кызматтан басым же кысым көргөнүн айткандардын айрымдары окуяны саясатташтырууга аракет кылууда деген пикирде.
"Мен чынын айтканда буга анча ишенбей турам. Балким тартипке чакырып, мыйзамда көрсөтүлгөн алдын ала эскертүү кылгандыр. Мисалы, митинг уюштуруудагы жоопкерчилик, бул биздин учурда да бар эле. Биздеги маалыматтар менен бөлүшүп, кагазга кол койдуруп, окуянын чоо-жайын айтып берчүбүз. Ошол кезде деле чыгып алып "мындай басым кылып атат, мындай кылып атат" деп айткан күндөр болгон. Бирок фактыга таянсак, бул басым эмес, мамлекет баарыбыздыкы, укук коргоо органдарында болуп аткан жашыруун эмес маселелерди тийиштүү адамдарга айтып, эскертип коюу - болуп эле келаткан көрүнүш. Ошол эле Алга Кылычев кысым болгонун айтып жатат, чынында ошондой болсо, бийликтин реакциясын күтсө арыз жазсын, экспертизадан өтсүн. Социалдык баракчага "мени минтти" деп жазып койсо эле бийлик барып реакция кылышы керекпи? Бул саясат да, арыз жазбай, мыйзамда көрсөтүлгөн өз укуктарын колдонбой, анан чыкканын мен саясат кылып атат деп түшүндүм".
Жогоруда айтылгандай, желекке өзгөртүү киргизүү демилгеси президент Садыр Жапаровго таандык экени Элдик курултайда белгилүү болгон. Ал азыркы туу кабыл алынганда анын жакындары күнкарамага окшош болуп калганын айтканын билдирип, чет өлкөлөргө барганда "май өндүрөсүңөрбү?" деген суроолор көп болуп жатканынан тууну оңдоо зарыл болуп жатканын айткан.