Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Израил армиясы Газанын түндүгүн толук көзөмөлгө алганын жарыялады


Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин түндүгүн толук көзөмөлгө алганын жана АКШ менен Евробиримдикте террорчу деп таанылган ХАМАС тобунун бригадалары менен дивизиялары жоюлганын жарыялады.

Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниэл Агаринин айтымында, армия азыр Газанын борборунда жана түштүгүндө согушууга көңүл бурууда.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС радикал тобунун согушкерлери жөөт конуштарына кол салгандан кийин абал курчуп, Израил Газа тилкесин толук курчоого алып, "хамасчыларга" каршы согуш ачкан. ХАМАС кол салганда Израилде 1200дөн ашуун киши каза таап, 240ка жакыны барымтага алынган. Кийин алардын айрымдары – негизинен аялдар жана балдар – Израилдин түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан палестиналык аял туткундарга жана өспүрүмдөргө алмаштырылган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин чабуулдарынан 22 миңден ашуун палестиналык набыт болду, көбү аялдар жана балдар.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү миңдеген кишинин өмүрү кыйылганы үчүн Израилди сындап жатат. Израил бийлиги буга жооп кылып, ХАМАС өз бутасын Газадагы турак-жай аймактарына жайгаштырып, карапайым калкты калкан катары колдонуп жатканын билдирүүдө.

Израидин премьер-министри Бинямин Нетаняху ХАМАС толук жок кылынмайынча чабуул улана берерин бир канча жолу кайталаган.

XS
SM
MD
LG