Покровскиде Орусиянын чабуулунан 10дон ашык адам мерт болду

Покровскиде куткаруу, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Украинанын Донецк облусунун Покровск районунда 6-январдын кечинде Орусиянын ракеталык чабуулунда 11 адам, анын ичинде беш бала мерт болду. Дагы сегиз киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Ага ылайык, чабуулда жер тамдар бутага алынган, анын натыйжасында бери дегенде 75 турак жай жабыркады.

Филашкин Орусиянын аскерлери С-300 үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын белгиледи. Покровскиде куткаруу, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Анын алдында Филашкин орусиялык аскерлер ишемби күнү эртең менен Пивничное кыштагын аткылаганын, эки авиабомба эки көп кабаттуу үйгө тийип, улгайган аял мерт болгонун билдирген.

Украин президенти Владимир Зеленский Покровскидеги чабуулга байланыштуу Орусияны турак жайларды бутага алганы үчүн айыптады. Ал Москва "мындай бир дагы чабуул кесепетсиз калбашын сезиши керек" деп айтты.

Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Москва адатта аскердик объектилерге гана чабуул жасалганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык Түндүк Корея: Ким Чен Ын кызы менен аскердик заводду кыдырды Өзбекстан: дарыга ууланган балдарга байланыштуу сот жанданды Башкы прокуратура дагы Арстан Алайдын өлүмүн териштире баштады "Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүнөтОрусия аннексияланган Крым ракета менен аткыланганын билдирди Ден соолукту чыңдоо фондунун акчасы Президенттин иш башкармалыгына өттүАКШ: Жогорку Сот Трамптын шайлоого катышуу укугу жөнүндө арызын карайт Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү деген видео жарыяланды