Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Башкы прокуратура дагы Арстан Алайдын өлүмүн териштире баштады


Арстанбек Абдылдаев.
Арстанбек Абдылдаев.

Башкы прокуратура абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарынын аракетине юридикалык баа берилерин билдирди.

"Абдылдаевдин денесин кароо учурунда, маркумдун моюнунда зымдын изинен башка күч колдонуудан чыккан башка жарааттары бар экени аныкталган эмес. Анын өлүмүнүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында ЭлТР мамлекеттик телеканалы абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин акыркы мүнөттөрү деген видео сюжет жарыялады. Анда кабарчы маркумдун “өзүнүн жанын кыйганга даярдык көргөн учурлары видео көзөмөлгө түшкөн”, - деп билдирген.

Материалда 31-абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков Абдылдаев ашканада "сүлгү менен электр чайнектин шнуруна асынып калганы 5-январда таңкы саат 5.15те аныкталганын" маалымдаган.

Анын алдында маркумдун жакындары окуяны териштирүүнү талап кылган. Абдылдаевдин кызы Аксана Арстанбекова атасынын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, бирок эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесинде которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын билдирген.

Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматы ички иликтөө жүргүзүп жатат. Юстиция министрлиги атайын комиссия түздү. Ички иштер министрлиги тергөөгө чейинки териштирүү баштады.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, Абдылдаевге "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган.

29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 16-декабрда Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Маркумдун адвокаты Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганы тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) аны “диний кастыкты козуткан” деген шек менен 15-декабрда камакка алган. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Анын жашаган жери жана лекция өтүүчү жайы тинтилип, бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Арстанбек Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Соңку президенттин шайлоодогу дебаттардын биринде ошол маалдагы талапкер Садыр Жапаровду сынга алган.

XS
SM
MD
LG