Зеленский Орусиянын четтеги активдерин Украинага берүүгө чакырды

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрүн согуш башталганда Орусиянын чет жакта эсеби жабылган 300 млрд долларлык активин Киевге берүүгө чакырды. Зеленскийдин пикиринде, бул Орусияны "агрессиясы үчүн кун төлөткөн" адилеттүү кадам болмок.

"Бул дүйнөдөгү потенциалдуу агрессорлорго туура белги болмок: башка өлкөгө кол салуу дивиденд алып келбейт, агрессор акыр-аягында кун төлөөгө тийиш" деп жазган Зеленский Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Буга чейин британиялык Financial Times гезити Батыш өлкөлөрү орусиялык активдерди Украинанын пайдасы үчүн конфискация кылуу жолун караштырып жатканын жазган.

АКШ жабык өткөн акыркы сүйлөшүүлөрдө орусиялык активдерди конфискациялоо керек деген позицияны карманганы айтылууда. "Чоң жетинин" жыйындарында АКШ активдерди конфискациялоо жолун "эл аралык укуктун негизинде" тапса болоруна ынандырган.

"Чоң жетинин" мүчөлөрү жана башка мамлекеттер Орусиянын агрессиясын токтотуу үчүн жооп чараларды көрө алат" деп жазылган АКШ өкмөтүнүн гезит таанышкан документинде.

Бул маселе Орусиянын Украинага басып киргенинин эки жылдыгына карата февралда өтө турган "Чоң жетинин" жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн. Бул сүйлөшүүгө Украинага бериле турган 100 млрд доллардык жардамдын башы ачылбай турганы себеп болууда: АКШ Конгресси Киевди 2024-жылы каржылоо чечимин кабыл ала элек, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 14-декабрда өткөн Евробиримдиктин саммитинде Украинага жакынкы жылдары бериле турган 50 млрд евролук жардамды бөгөттөдү.

Москва өз кезегинде орусиялык активдер конфискацияланса, жооп болорун айтууда.

  • 2022-жылы февралда Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд долларлык резервинин четтеги эсеби жабылган.

Дагы караңыз

Түндүк Корея: Ким Чен Ын кызы менен аскердик заводду кыдырды Өзбекстан: дарыга ууланган балдарга байланыштуу сот жанданды Башкы прокуратура дагы Арстан Алайдын өлүмүн териштире баштады