Финляндия 2025-жылдан тартып Орусиядан суюлтулган жаратылыш газын импорттоого тыюу салууну көздөп жатканын өлкөнүн климат жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Кай Мюккянен билдирди.
"Мен кайсы бир так күндү айткым келбейт, бирок келерки жылы импортко тыюу салган чечим күчүнө кирет деп үмүттөнөм", – деди ал.
Министрдин айтымында, мындай кадам Евробиримдиктин газ рыногундагы жүргүзүлүп жаткан реформа алкагында ишке ашырылат.
Аталган реформаны Евробиримдикке мүчө өлкөлөр жана Европарламент өткөн айда макулдашышкан. Анын алкагында Орусиянын жана Беларустун аймагынан түтүк аркылуу тартылып баруучу газдын импортуна коопсуздук чараларынан улам тыюу салса болот.
Финляндиянын Gasum мамлекеттик компаниясы Орусия Украинага кол салганы үчүн бир катар чектөөлөргө кабылганына карабастан анын жаратылыш газын сатып алууну токтоткон эмес. Ишкана муну «Газпром» менен келишими бар экени, бир аз көлөмдө болсо да газын сатып алып турууга милдеттүү болгону менен түшүндүргөн.
Helsingin Sanomat басылмасынын маалыматына караганда, былтыр Орусия Европага дээрлик 16 миллион тонна суюлтулган жаратылыш газын сатты. Түтүк аркылуу жеткирилген газдын көлөмү азайганы менен суюлтулган жаратылыш газынын импорту көбөйгөн. Негизги сатып алуучулар Испания, Франция, Белгия жана Нидерланд өлкөлөрү болгон. (RK)
Дагы караңыз
Азербайжан АКШнын дин тутуу эркиндиги боюнча атайын тизмесине киргизилдиПутиндин мигранттарды согушка салган жарлыгы5-январь: Арстан Алай абакта каза болду, мурдагы бажычы бошотулдуИранда кош жардырууга шектелген бир нече адам камакка алынды