Түштүк Кореянын аралдарын көздөй 200дөй снаряд атылды

Иллюстрациялык сүрөт.

5-январда Түндүк Корея Түштүк Кореянын Пэннёндо жана Ёнпхёндо аралдарына жакын аймакка 200дөн ашуун артиллериялык снаряд атты. Бул тууралуу түштүккореялык "Рёнхап" маалымат агенттиги билдирди.

Снаряддар чектилкеге (буфердик тилке) түшкөнү, эч ким жабыркабаганы, бирок расмий Сеул «Түндүк Кореянын аракеттериндеги аскердик чагымдын белгилери анык болуп жаткандыктан» Ёнпхёндо аралындагы тургундарды жашына турган жайларга бара турууга чакырганы маалымдалды.

Түштүк Кореянын аскердик өкүлдөрү Пхеньянды чагымчылдыкка айыптап, тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Өткөн айда да Түндүк Кореянын жээктеги артиллерия бөлүктөрүнүн аткылоосу катталган, расмий Пхеньян аны машыгуу деп атаган.

2010-жылы Ёнпхёндо аралынын жанында эки өлкөнүн ортосундагы атышуудан адам өмүрү кыйылган.

Чектилкеде артиллериядан ок атпоо, аскердик-деңиз машыгууларын өткөрбөө тууралуу келишим 2018-жылы кабыл алынган, бирок кийин эки тарап тең андан баш тартып коюшкан. (RK)

Дагы караңыз

Абакта каза тапкан Арстан Алай акыркы сапарга узады Израил ХАМАСка каршы согушунун жаңы этабына өткөнүн билдирди Азия Кубогу-2024. "Акшумкарлардан" эмне күтөбүз?ИИМ Түптө баңгизат даярдаган лаборатория табылганын билдирди