Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Израил ХАМАСка каршы согушунун жаңы этабына өткөнүн билдирди


Израил ХАМАСка (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы күрөшүндө негизги көңүлдү бул топтун согушкерлерин жана лидерлерин бутага алып, жок кылууга бурарын билдирди.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант согуштун жаңы этабы башталганын, Газа секторунун түндүгүнө өзгөчө көңүл буруларын, ал жакта ХАМАС курган туннелдер жок кылынарын, рейддер жүргүзүлүп, абадан жана жерден сокку уруу операциялары уланарын айтты.

Ал эми сектордун түштүгүндө, Газанын 2,3 миллиондук калкынын көпчүлүгү убактылуу жашына турган жайларда, чатырларда жашап жаткан аймакта ХАМАСтын лидерлерин жок кылуу операциясы улантылары, 7-октябрда барымтага алынган 240 адамдын калган 132син бошотуу аракети көрүлөрү белгиленди.

Бейшемби күнү израилдик аскерлердин Газа секторуна жасалган чабуулунан 20дай адам каза болгонун, алардын 16сы Хан-Юнис шаарынын тургундары экенин, Ан-Нусейрат качкындар лагерине да сокку урулганын бул аймактын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Хан-Юнисте сектордун башка аймактарында жүрүп жаткан согуштук аракеттерден качып баргандар баш калкалап турушат. Каза болгондордун тогузу балдар экени белгилүү болду.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG