Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

ИИМ Түптө баңгизат даярдаган лаборатория табылганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунун Түп шаарында баңгизат даярдалган лаборатория жок кылынганын 5-декабрда билдирди.

Маалыматта буга чейин министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарына ири көлөмдө “гашиш” жана "марихуана” маңзаттарын Бишкекке жеткирип турган топ тууралуу кабар түшкөн. Аламүдүн райондук милициясы былтыр ноябрда бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 282-береси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен кылмыш ишин козгогон.

Шектүүлөрдү издөө учурунда 3-январда милиция кызматкерлери Түп шаарында эки жаран бараткан унааны токтотуп, текшерген. Алар 46 жаштагы Б.А.Н. жана 24 жаштагы Л.Н.В. буга чейин соттолгон жарандар болгон.

“Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн бирине таандык күрмөнүн чөнтөгүнөн 255 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражатынын өзгөчө белгилери бар, майдаланган, кургатылган чөп түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты табылган. Мындан тышкары жүк салгычтан сыналгы аныкталып, ал жерден кинескопко катылган кочкул жашыл түстөгү, салмагы 4305 грамм “гашиш” баңгизаты табылган. Ошондой эле, унаанын ичинде салмагы 1615 грамм болгон майдаланган порошок түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар ак желим баштык табылган”, - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө баңги заттар Түп районундагы мал сарайда даярдалганы белгилүү болуп, милиция кызматкерлери сарайдын жер төлөсүнөн баңги заттарды даярдоодо колдонулган буюмдар жана каражаттар сакталган лабораторияны табышкан. Ошондой эле майдаланган кургак чөп түрүндөгү 17 килограмм 819 грамм салмактагы “марихуана” маңзаты салынган эки жаранга таандык үч баштык табылган.

Таразага тартылгандан кийин 17 килограмм 819 грамм “марихуана” жана 5 килограмм 920 грамм “гашиш” алынганы белгилүү болду.

Кармалган эки шектүү жаран Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун былтыр 28-ноябрдагы маалыматына караганда Кыргызстанда 7 500 киши баңгизат колдонот деп расмий каттоодо турат.

“Сорос Кыргызстан” фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65% 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG