Пакистан 541 миң ооган жаранын мекенине кайтарганын билдирди

Ооган мигранттары чек арада.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 3-январга карата бул өлкөдө жашап жүргөн 541 миң ооган жараны мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын баары документи жок мигранттар болгон.

Мыйзамсыз мигрант болуп жүргөн оогандыктарды кайра кайтаруу өнөктүгүн Пакистан өкмөтү былтыр октябрда активдештирген.

Расмий Исламабад юридикалык документи жалпысынан 1,7 миллион ооган жаранын мекенине кайтарарын билдирди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ансыз да каттачылыкта жашап жаткан мекенине кайтканда алардын дээрлик баары жашаган жери, иштеген жумушу жок болгондуктан түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын маалымдоодо.

Пакистан Ооганстан менен түндүк жагынан чектешип турат. (RK)

Дагы караңыз

Беларус президентине берилүүчү чексиз кепилдиктер тууралуу мыйзам кабыл алындыИран: көрүстөндөгү кош жардыруу 84 кишинин өмүрүн алдыИрандагы жардыруу, тараптардын айыптоосуАскарбек Жаныбеков "Айыл банктын" директорлор кеңешине мүчө болду